Таластык кыздар бийликке татыктуу, эгер күйөөсү президент болсо Акаевдей мурдунан жетелеп алышат
Кыска-нуска  |   |  560

«Кошалек» болсо танка дейт,

«Кошалек» жокто маңка дейт.

Кошомат сүйгөн кыздарын,

Кокуй күн, кудай сакта дейт.

 

Алганын багат жүдөтпөй,

Ансыз да эч бир күн өтпөй.

Ачуусу келсе кокустан,

Ачылат оозу күрөктөй.

 

Талуудан алат талашса,

Татына кыздар талаш да.

Танкалуу кыздар келишет,

Маңкасы калып Таласта.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg”

Поделитесь с друзьями