Таксинин айдоочусунан коронавирус оорусу табылды
Дүйнө жүзүндө  |   |  8001

Токиодо таксинин айдоочусунан коронавирус оорусу  чыкты. Бул тууралуу NHK билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен ал Кытайдан келген жүргүнчүнү жеткирүүдө жуктуруп алган. Азыркы убакта япониялык борбордун түштүгүндө круиздик лайнерде 3600 адам карантинге алынган.

Япониянын Транспорт министрлиги автобустун, таксинин айдоочуларына вирусту жуктуруп албоо үчүн бет кап менен кол капты кийүүнү буйруду.

Белгилей кетсек аталган коронавирус ооорусу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарында чыккан. Бирок ал оору тууралуу эл январь айында гана билди. Акыркы маалыматтар боюнча вирустан каза тапкандардын саны 1400гө жакындап, ооругандардын саны 60 миңден ашты.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями