ТАГДЫР: "Төгүлөт көз жашым көрүстөнгө, даярмын сени менен көрүшкөнгө..."
Коом  |   |  3525

Жылдыздар караңгырда эч ким коркпосун - деп жаркырайт. Ар бир караңгылыктын артында жылдыздай жарык берген үмүт шооласы бар- деп айтыптыр, Алтын Таажым. Мени унутпай, издеп, мени тааныган адамдардан мени сурап артымда жүргөнүңдү эстеп эзилемин, Таажым.

Көпкө чейин биз жүргөн сейил бактын арасына үмүттүү, кусалуу көздөрүңдү кадап, телмире ойго батып жүрөгүңдү кыйнагандырсың. Менин сөздөрүмдү, анан эркелеп өзүңдүн күлгөнүңдү, келечектен күткөн түркүн түмөн максатуу ойлорубузду эстеп ачуу жаш ай чырайлуу жамалыңды жуугандыр. Биз дайым олтурган отургуч бизди жоктогондой жетимсиреп турганын көрүп зээниң кейигендир. Курбу сырдаш кызың айтты:-" Сени алгач келет, барибир келет, - деп бир жарым жыл үмүт үзбөй күттү. Аз аздан шайыр мүнөзү жоголуп, түнт- ойчул болуп кетти, кийин такыр эле кыялкеч болуп, сүйлөгөн айрым сөздөрдү укпай, тамашалашып күлбөй да койду. Бир күнү, жалгыз силер жолукчу сейил бакта кечке сени эстеп, сени сагынып, сени издеп, сени күтүп, ызасына чыдай албай көпкө ыйлап, бугун чыгарып жеңилдеп келгенин айтып берди - деп. Кийин бул адат болуп калды. Качан кайра сени эңсеп сагынып кыйналганда байма - бай жалгыз барчу болуп алды. Жалгыз жибербейли деп ээрчип алчубуз каршы болгонуна карабай. Айттык: -" Кой эми, ал сага татыктуу эмес, аруу ак сүйүүңө да татыктуу эмес -" деп. Таажы ыйлады: -" унуталбаймын, унутууга жүрөгүм да жан дүйнөм да, ой кыялым да өзүмө баш бербей жатат. Ушунча күттүм, ушунча өзүм менен өзүм күрөштүм, чарчадым. Эми бир чечимге келдим, унутпаймын, дайым Канболотту күтүп, аны сагынып, издеп, сүйүп жашаймын. Мейли татыктуу жооп алалбасам, мейли бул ишим тентектик болсун. Мен баарына ыраазымын "- деп. Башын жөлөп буркурап ыйласа биз дагы кошо ыйлачубуз. Жада калса кудайдан кыздар өзүбүзчө, сени келип калса экен, келип кечирим сурап, кечиккенинин себебин айтып Таажынын таарынычын жазса экен- деп тилечүүбүз. Мына ушундай зарыгып күтүү менен окуу жылы аяктап студенттер тараганбыз. Айылга кетерде да сенин жердештериңе жолугуп, сен жөнүндө айтып, сага салам- деп койгула деген болчу. Жазылган каттарга келсек кайсы бирин айтайын, сүйүү лирикалуу ырлар, таарыныч, күтүү, таза сүйүү махабаты, кечирүү, кечирим суроо, сагыныч кусалуу эле мазмуну". 

***

Курбу досторуң менен сүйлөшүп отуруп убакыттын өткөнүн сезбей акырын кыжаалат боло коштоштум. Курбуларыңдын айрымдары мени жек көрүшкөндөй карашат. Сени күттүрүп кайрылбай калганымдан го деймин. Аларга капа болууга акым да жок.

Бүгүн келдим, биз ар дайым  кыялданып, жанаша отурсак да сагынычыбыз күчөй берген, кээде үн сөзү жок эле каректерибиз сүйлөшкөн, колдорубуз алакандарыбыздан бири бирибизге жылуулук өтүп турган, керемет ажайып сүйүү олтургучубузга. Биз жок, бирок биздин элесибиз турат. Жалбырак жаап коюптур. Кызыл сары жалбыракты шыпырып, олтуруп алчубуз.  Бир жалбырак калкып түшүп келаткан жерден кармап алып, жалбырак менен менин жүзүмдү сылагансың. Зериктиңби же атайын менин ачуумду келтиргиң келип тийишип жалбырак менен мойнумду кытыгылай баштадың. Жалбыракты колуңдан тартып алып ыргытып жиберип олуттуу карап туруп калдым. 

- Ой, тамаша да эми. Сени менен ойноп жатпаймынбы? - деп. Былтыйып желкеме башыңды жөлөп. Ооба, былтыйганың да өзүңө жарашчу. Сейил бактын тээ наркы бетинде жалбырактарды топтоп тазазап шыпырып жүргөн, эже, бизди кээде карап, ооруган белин түзөп турчу. - "Бизди карап жатат" - деп түздөнүп отуруп калчусуң. 

Азыр ал эже да жок, сен да жоксуң. Отургучубуз көк боёкко сырдалыптыр. Жалбырактар конуп отурушат. Аларды тазалап отурган, биз жок, жалбырак менен мойнуму кытылаган сен жоксуң.

Жоктоп алып, ыйлагым келип жатат. Каректеримен ачуу жаш ыргып чыгалбай, каңырыгым түтөп турат. Бул менин жазам. Ооба менин жазам. Жаштыктын сүйүүнүн баркына жетпедим, сенин ак сүйүүңө татыктуу боло албадым. Тагдыр экен.

Тагдыр экен- деп коёмда. Өзүмдүн күнөөмдү тагдырга шылтап. Өзүмдүн күнөөм. Өзүм жазасын аламын. Өмүрүм өткөнчө сени унутпаймын. Өмүрүм өткөнчө эми сендей аруужанды табалбаймын.

Алтын Таажым мен сени үнуталбаймын! 

Оо жашыраак кезимде таможняда иштечүүмүн, жакын адамдарым эле бут тосуп коррупция - деп камалып калдым. Сегиз ай СИЗО до жаттым. ГКНБ нын , материалдык , моралдык жактан кыйналдым. Башыңа иш түшкөндө жакындарың , досторуң жолобой качып калат экен. Келинчегим тергөөчүдөн сураса он- он беш жылга камалат -дептир. Ошондо ал дагы жүз үйрүп кетти. 

Актыгым далилденип сегиз айдан кийин чыктым. Үйгө барбай чоңойуп өскөн атамдын үйүнө баргам.

***

Анда да сен бирөөлөрдөн угуп, мени издеген экенсиң, жардам берейин -деп. Бирок,мен көрүнгүм келбеди, кантип ушул акыбалым менен көрүнөмүн - деп намыстандым. Азыр өкүнөмүн. Кайрадан жашоомду оңдоп, жолугамын деп жүрчүүмүн. Эми баары жакшы ишим , бизнесим, үй - жай, балдарым бар. Жолугаар убак келди дегенимде сени жоготтум... Мен эмес, сен мени кыянат кылганыма карабай көп издептирсиң, азыр өзүмдү жүз пайыз күнөөлүү сезем , унута албай жатканым да ошондон го. Деги сени унутууга акым барбы? Унутпаймын түбөлүк! Жалал- Абадга Алтын Таажымды эскерип келүүгө бардым. Мүрзө башына гүл коюп, куран окуп, бир аз Таажым менен сырдаштым. Дайымкыдай эле капалуу. Чечилип сырдашкысы келбей тургандай. Бирок: - сен сүйлөй бер, мен сенин сөздөрүңдү сагынганмын дегендей. Кайра кайра баш бербей көзүмөн аккан тамчы тамагыма тыгылып сүйлөтчүүдөй эмес. Кабыргам кайышып зорго коштоштум. Машинага жетээримде кулагыма кадимкидей Таажымдын үнү угулду:

- "Дагы келбей койбо!". Кайра чалынып -чулуна мүрзөгө жетип келип, өпкөм- өпкөмө батпай башымды сага коюп, солкулдап ыйлай бердим. Эми үнүм ачылып: -" кечирбе мени, кечире көрбө мени" - дедим...

Түз эле бактагы отургучубузга бардым. Кар жаап коюптур. Карды колум менен түшүрүп отуруп алып сени элестетип көпкө чейин кыялдандым. Эми таанышкан убагыбыз эле. Диалектикалык сөздөрүбүздү айтып күлүп жүрчүбүз. Курбуларың менен шайыр күлүп жүрчүсүң.

Сүрөткө түшөлү - деп колуңдан жетелеп бөлүп кеткенмин. Аябай уялчаак болчусуң. Уяң карап түшкөн сүрөтүң дагы деле менде сакталуу. Сүрдөнүп жатканыңды сезип, эркин эле бол - деп айттым.

Эх, ошондогу сезимдер - сенин желбиреген чачтарыңдай эркин алып учкан кыялдар менен коштолчу. Сенин колуңду кармап өзүмдүн чөнтөгүмө салып алып ээрчишип жүрчүбүз. - Кечинде жолугалы - десем сабак даярдаймын - дечүүсүң. Көзүңө карасам алгач көзүңдү ала каччуусуң. Бара бара каректерибиз менен сырдашканды үйрөнгөнбүз.

***

Көздөрүм жулунуп барып чачтарыңдын арасына сиңип кеткендей тартылчуумун сага. Абадан дем алсаң таноолоруңдан сезчүүмүн. Жаныңда болуп демиңди сагынчуумун. Жаның менин жанымдай туюлчу. Кабагыңдан кандай абалда экениңди туйчумун. Мындай сезимдер сенде да күчтүү болчу. Бирок ошого карабай апа деген апа да. Бир убактарда: -"ааламды алмаштырбаймын апа, сага" - дечүүмүн. Айылга барганымда, -"мен үчүн бир кыз менен жолугуп койчу- деп суранып калды. - ойлонбой эле апакемдин көңүлү үчүн макул болдум. Жолуктук. Жолдо алгач күтүп турдум. Айтылган убакта эле арык чырай, чачы өрүлгөн, жоолукчан бир кыз келди. Менден мурун эле;

- Саламатсызбы, күтүп калбадыңызбы? - деди. - саламатчылык, кандайсыңар? - жакшы, өзүңүз кандайсыз. Куттуктаймын, окууңузду ийгиликтүү аяктаптырсыз. Идиректүү экениңизди бары эле айтып, мактап жатышат, сизди.

- Рахмат. Өзүңөр тынчсыңарбы? - кудайга шүгүр, Алтын апамдан( менин арамды айтып жатат) жоктугуңузду билдирбей утуру кабар алып турам. Пейили кенен, камкор, мээримдүү жарыктык.

-"Ме жей кой"- деп тапканын менден аябайт. Өз кызындай эле болуп калдым- деп жылмайды. Шаштым кетип калды. - мен негизи... мен өзү сиз менен... - мындай басалычы. - макул Жолду узата жай басып баратканыбызда тартынбай эле мени колтуктай басты. Колун шилтеп сала албай, ага окуган билимим, маданиятым жол бербей туруп калдым. - кичине басалы - аа макул. Коштошууга, сөздү кыскартып шашылдым.

-Кеч болуп калбасын. Үйдөгүлөрдөн жеме угуп калба. Жо- жок, үйдөгүлөр өздөрү көңүлдүү болуп жөнөтүшкөн мени. Кабатыр албаңыз. - аа, макул... бирок мен досторума жолугууга сөз берген болчумун. Капа этпегиле. Коштошуп эле, үйгө шашылыш кирип келдим. Карындашым эле бар экен.

- Апам кана? - Апам кудалардыкына кеткен. ... өзүмө өзүм түшүнбөймүн. Таажымы эстен чыгардым, ысытма кылгандай сыйкырдуу бир абалга түшкөндөй эмне дешсе макул болуп басып жүрдүм. Той болду. Майда чүйдө иштер менен болуп жүрүп убакыттын кантип өткөнүн баамдабай калыпмын. Балалуу болдук бир жыл өттү. Балаңа ат койчу- дегенде бир чоочугандай силкинип алдым. Оюма бир да ат келбей койду. Кийин апам өзү Нурдөөлөт - деп өзү койду небересинин атын. Апамдын бөлмөсүндө уктап калчуу болдум. Тургузушса да келинчегимин бөлмөсүнө барчу эмесмин. Ал мага беганадай сезиле баштады. Таможняга ишке кирип, ишканада түнөп калчу болдум дээрлик. Мына менин сырдуу абалым. Ишенсең ишенбесең ушул чындык, Алтын Таажым. Бозоргон топурактын астында ушул азыр эмнелерди ойлоп жатасың. Мен болсо сени сагындым. Бүгүн жамгыр жаап жатат. Отургучубуз да жамгырдай көз жаштарыбызга жуулуп жаткандыр...

Төгүлөт көз жашым көрүстөнгө,

Даярмын сен менен көрүшкөнгө.

Азыр мен ушундай абалдамын,

Өзүмдү өзүм жеңем сөгүшкөндө.

Жакшы күн жаман күндүн белегиби?

Жай кетсе күздүн күнгө керегиби?

Кудайым бизге берген ак сүйүүсүн,

Кийинкиге аяр сактап берелиби?

Турмуштун муштумун жакшы көрөм,

Туура - деп, жыгылсам да жатып өбөм.

Соккусу тагдырымдын татыктуудай,

Артынан жетчүүдөй көккө төбөм...

Жан дүйнөм эңшерилип ыйлап турам,

Жакындан көрүүгө мен, артып кусам.

Коюлган күнөөлөрдү керт башыма,

Актаймын кандайча, кантип жуусам?

Автор: Ашира Кулишева

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями