ТАГДЫР: Кызынын кордугуна чыдабай дарыяга боюн таштаган эне
Турмуш  |   |  784

Кечээтен бери Жумаалынын үйүндө опур-топур, кыйкырык-өкүрүк, ызы-чуу болуп, ар кайсы жактан атчан, машина айдаганы, жөөсү келип, суу ташыган балдар, кирген-чыккан көп. Үч боз үй тигилип, өлүк тушуна килем
тартылган. Үйдүн сыртында үч уулу, күйөө балдары "атакелеп" өкүрүп, кара жамынган аялынын жанында
кыздары, жакындары туруп, маркумду жоктоп жатышты.
"Ырыстуу адам экен Жумаалы, минтип балдары чуркурап, кудаа-сөөгү келип калдайып, бутак-тамыры жайылган тура. Ыйлаарга кишиси жоктор деле толуп жатпайбы" , - деп шыпшынып, берээкте олтурган чүкөдөй кемпир жанындагысына шыбырады. "Кантсин, бечара, оорусунун азабын тартпадыбы. Ошентсе деле балдарынын сый-урматын көрөөрдө, дөөлөт күтүп, төрдө отураар маалында минтип узап кетпедиби. Ээ, ботом, Токтосун энебиз көрүнбөйт го, ал кайда?" Чүкөдөй кемпир сүйлөшүп отурганына башын жакындатып: "Ал энебиздин көргөн күнү курусун, башка күнү сүйлөшөбүз" , - деди.

Согуш жылдары. 1943-жылдын ызгаардуу кышы. Тамак-аш оокат, кийим кечек тартыш кез. Бир-эки сыйрадан эле кийим бар элде. Дан дээрлик эч кимде жок. Катык-аш сарамжалдаган адамдарда болгону бир аяктан, баштыгынын белинен буудай. Кичинеден жаргылчакка тартып, талкан кылып, аны карандай сууга катыктап ичишет. Эртеден кечке көргөндөрү ушул. Малдууларда аз-аздан сүт болот. Чогулткан сары майын, колундагы этин жебестен фронттогуларга посылка жөнөтүшөт. Кийимден, тамактан кем болушпай эптеп жоону жеңип келишсе экен деген тилек да. Токтосундун кызы бир айдан бери оору. Күйөөсү Кумаш согушта. Ал аскерге кеткенден бери кайын агасынын үйүндө. Тылдагы элге баш-көз болсун деп, кампаны да ушул кишиге тапшырышкан. Кайын агасынын үй-бүлөсү-айылдагылардын оокаттуусу. Анткени менен үйдө бүлө көп. Тууган туушкандар мындайда чогуу болбосо болобу? Туугандыгы кайсы? Эл ичинде ынтымак бар эмеспи. Кумаштан бир гана жолу кат келген. "Белоруссияда кетип
баратабыз" , - деп жазыптыр. Ошондон бери кат-кабар жок. Же өлүүсү, же тирүүсү белгисиз. Балким, немистерге туткунга түшүп калгандыр. Почточу Саматты келин кайтарганы- кайтарган. Жолдун аркы өйүзүнөн көрүп калса да тосуп
чуркап чыгат. "Кат жок", - деген гана жооп угат.
Жалгыз кызы Шайыр дагы минтип кара тумоо менен ооруп калды. Кайын агасы экөөнүн алты күндөн бери тикирейип тиктегени
ушул кыз. Жанынан алыс кетишпейт. Төшөк дагы жетишсиз. Бир сыйра кийими менен бурчтагы тердиктин үстүнө саман төшөп, жаткырып коюшкан. Көздөрү чүңүрөйүп, өңү купкуу, үнү араң гана кыңылдап чыгат. Абысыны
Күлүмкан кыздан үмүтүн үзүп койду. "Мунуңар мал болбойт". Анда Токтосун көзүнүн жашын төгүп буркурайт. "Жалгызымды да мага кудай ыраа көрбөй жатабы? Салмоорумду алып кеткени аз болуп турабы?" "Токен, кой айланайын. Күн мурунтан жаман жорукту баштаба. Буйруктуу бала болсо айыгып кетээр.Тамырынын согушу дурус, балаң мал болот", - ушинтип кайын агасы көңүлүн улайт. Айткандай эле Шайыр бир нече күндөн кийин оңолуп кетти. Жылдар өтүп, согуш аяктады. Жоону жеңип, аскерлер үйүнө кайтышты. Кумаш үйүнө келмек турсун, келген кара кагазы же каты жок, үмүттөрү үзүлгөн соң, төрт-беш жылдан кийин
туугандары чогулуп, өлдү деген чечимге келип, кара ашын берип, куран окутушту.
Күйөөсүнөн калганда Токтосун 22 жашта болчу. Жалгыз Шайырды чоңойтуу анын максаты эле. "Же кара кагаз келбесе... өлдү деп эле чечим чыгарып коюшту го. Мүмкүн туткунга түшүп, бошоно албай жүргөндүр. Балким, чыккынчы болуп кеттиби, жаны кыйналганда кээ бири ошентет тура.Жок! Жок! Кантип эле ошентсин. Ал антмек эмес." Бир чекитти тиктеп, келин отура берчү кээде. Узун бойлуу, кең далылуу, кирпиктери узун, көзү бакыракай капкара, мурду кырдач, эрди калың татынакай жигит эле Кумаш. Мүнөзү токтоо болучу. Ал Токтосундун экинчи күйөөсү эле. Биринчи никелешкен эри Кумаштын бир тууган агасы - Турсунбай. Андан татынакай уулдуу болгон. Анысы 5 айга толгон кезде чарчап калган.
Турсунбай менен Токтосун көпкө жашаган жок, төрт жылдан кийин оорудан каза тапкан күйөөсү. "Жакшы бүлөбүздү бербейбиз" , -деген кайын агасы Кумаштын колуктусун төрөбөйт деп, төркүнүнө салып берип, кайын инисине жеңесин алып берип коюшкан. Кумаш деле унчукпай, агасына баш ийип олтуруп калган. Экөө бири-бирин жактырып, ынтымактуу турмуш башталган. Ал кубаныч деле көпкө созулбады. Соолгон согуш Кумашты соруп кетпедиби! Ал күндөрдү бир көргөн жомоктой эле элестет Токтосун.
Шайыры чоңоюп, бойго жетти. Кашы-көзү капкара, кара чачтуу атасына окшогон кыз болду. Көз караштарын байкаганда энесинин ичи "тыз" дей түшөт. Суналтып, чачты бир өрүп туруп, соорусуна таштап коет. "Апа, азыркы
коммунизмдин кадыр-барктуу кызматкери -кассир менен бухгалтер, акча эсептеп эле олтура бересиң дейт. Мен ошону окуйм". Ак эткенден так этип жүрүп, ушул "коммунизмдин кассири" болду кызы. Окууда жүргөндө таанышкан Жумаалы деген жигитке турмушка чыкты. Элпек, сыйчыл, мүнөзү токтоо жигит экен күйөө бала. Кайын энесинин кашында
турганда ашыкча сөз сүйлөбөйт. Эмне,
элдикиндей төрүндө
олтуруп чайын ичип,
жумшаган уулу болбогондон кийин,
пенсияга чыкканда
караганы кызы болду Токтосундун. Айылдагы там-тарагын таштап, шаарга көчүп кетти.
Күйөө баланын үстүнө кирди. Табиятынан шайдоот кыймылдап, тазалыкка көнгөн кемпир, күйөө балага да жакты. Үйдү мизилдете кармап, баардык оокатын жасап, кечкиге тамагын даярдаганга жетишет. Кызы дагы алты баланы удаа төрөп алды. Шайыр өзү эртеден кечке чейин кызматта. Колу такыр бошобойт. Убакыт учкан куштай зымырап өтүп кетти. Токтосундун кызы эми өзүндөй болду. Бозо салып, эт бышырып, ийик ийрип жүрүп, камкор эне сексен жаштан ашып кетиптир.
- Таене, где мои носки? -Саксаңдаган он сегиздеги кыз төркү үйдөн кыйкырат.
- Аркы ишпанердин акыркы болкесинен
кара.
- Таене, подай мне кусок хлеба, - Бултуңдап эт чайнап жаткан бала ашканага чакырат.
- Азыр, Сарыкем, азыр, - деп кемпир бөкчөңдөп, ашканага баш багат.
- Дура, таене! Сен мени сары дебе, менин атым Азат. Понятно! - деп чукчулуңдап небереси тиштенет.
- Аха - хай! - Шайыр
уулунун жоругуна ыраазы боло ашканага кирип келди:
- Сары дегенге арданып жатасыңбы, балам? Ай, дура таенеси, антпей жүр!
Кемпир дагы "дурасын" таназар албай, небересинин кылыгына ыраазы. Балдардын баары чоңоюп, үйлөнгөн уулдары бөлүнүп кетишти. Бүт эле Бишкекке качышат. Шаардын эмнеси кызык, мында деле даяр нан, жармасын ичип жүрө беришпейби? Келиндери дагы орустай болгон немелер, чачтары мултуйган. "Чо?" - деп эле кыйкырыша беришет. "Чо? Чо? - эле дейсиң, ал эмнең?" - десе: "Таене, прямо бесите!" - деп каткырышат. Үйдө оокат, килем, идиш-аяк толтура. Верандасынын кире беришине чейин килем. Оокат жасап жүрүп, жалгыз калганда, тээ алыста калган айылды, абысын-ажындарын эстеп коет кемпир. Апийим талаада иштеп жүрүп: "Ээ, Шаку, сен күйөөгө кетсең, себиңе эмне берели?" - деп келиндер секелек кызга суроо узатышат.
- Менин себиме тиги кара такый менен апамы бергиле, - деп жооп берсе, талаа каткырыкка толот.
- Такый отун ташыйт, апам күйөөм экөөбүзгө тамак жасап берет.
- Тилегиңен айланайын, тилегиңен. Ооба, тамак жасап берем. Себине өзүм кошо кетем, -олтура калып Токтосун сүйлөп жаткан алты жашар кызынын бетинен жыттап алат. "Жаштын тилегин берет", - деп
минтип энеси үйүндө олтурбайбы. Андагы абысындардын бири жок, баары "аркы жакта". Жакын сырдашы Калипа болчу. Экөө бирге жүрүп, кыялданып, бири-бирине ичтеги сырларын айтышып, жеңилденип калышчу. Ынтымактуу болушчу. Эч качан бири-биринин айыбын чукушчу эмес. Азыркы келиндер антишпейт. Эңкейе басып, этегин полго сүйрөлтүп, эне адатынча ашканада жумуш жасап жүргөн.
Күйөө баласы Жумаалы эки жылдан бери ооруп, жаз-күз ооруканада болуп калды. Бул жолу жакшы боло албай, үйгө чыгып келген. Баягы курсагы чыгып, эки бети болтойгон олбурлуу кожоюн жок, жаак сөөктөрү чыгып, эти шылынып, кийимдери шалбыраган, узун арык киши болгон. Өңү купкуу. Чурулдакты сүйбөйт, көрөйүн деп келген
кишилерди жактырбайт, төркү үйгө кирип кетет. Радио-елевизорлорду өчүрүп салат, катуурак үн угулса, кадимкидей кыжынат. Тамакты тандап ичет, айранды жактырат.
Шайыр үйдө болчу. Энеси экөө бир чоң челек менен бозо салышкан. Ошол бозодон кичине эле жерге таамп кетиптир, басып баратып эне "тарак" этип тайгаланып, тигил челекке түшүп калса боло! Жер жайнаган бозо. "Э, кокуй, Шайыр, өлдүм!" - кемпир кызын чакырып кыйкырды.
- Дура, жезкемпир! Что ты натворила! - деп бөлмөгө тиштенген небереси кирип келип, тура албай олтурган таэнесин колдон тартып веранданы көздөй түртүп жиберди.
- Сүйрөлбөй олтур да бир жерге! Темселеп эмне кылып жүрөсүң биякта?
- Ай, сен эмне түртөсүң мени? Э,Шайыр, мобул балаң эмне дейт? - ыза болгон эненин үнү буулду.
- Эмне болуп жатасыңар?- деп эшиктен Шайыр кирди, - Ии, бозону ким төктү?
- Вот она, твоя дура! Жөн олтур дебейсиңби? - Азат энесине арызданды. -Сокуруңду кухняга
киргизбе да!

Кабагын түйгөн Жумаалы келип, унчукпай карап турду.
- Сокур болсом аны кудай кылды, - кемпирдин үнү аянычтуу чыгып, кимдир бирөөдөн жардам күтүп жалооругандай алсыз угулду. - Жашабагыр, чечек! Сен мага ушинтип сүйлөчү болдуңбу? - бозого малынган кийимин кармалап тура берди.
- Сүйлөнбөй, жоголчу нары! - деп небереси таэнесин дагы түрттү.
- Түртпө, энеге кол көтөргөн, наадан! Колуңа шал... - Кемпирди андан ары сүйлөтпөй Азат көзгө бир койду.
- Азат, ал эмнең? - Шайыр баласына баратты эле, Жумаалы билектен алып токтотту. Төгүлүп жаткан бозону көрсөтүп:
- Мобул эмне? Сүйрөлгөн жез кемпирди жогот! Көзүм көрбөсүн. Мен жакында өлөм, өлөм. Бул желмогуздун жакында өлө турган түрү жок. Мен өлгөнчө өз жерине кетсин, менин чыгыма кол салбасын! Кара ашыма тойбосун. Жогот! От алып жинденип келе жаткан Жумаалыны
жетелеп уктоочу бөлмөгө кирип кетти Шайыр.
- Макул, макул, Жумаке, жүрү эс алалы.
- Шайыр, сенин көзүңдү чукуш керек экен. Сениби. Энең экөөңдү жоготуш керек болуп калды. Жарма ачыткы сурап кирип келе жаткан Жүзүмкан кемпир эртеден бери ушул окуянын күбөсү болуп, тепкичте турду. Таенесин ары-бери сүйрөп уруп жаткан Азат да, эрин
тынчтандырып, бөлмөсүнө кийирип
кеткен Шайыр да байкаган жок. Кошунанын чыдамы жетпей, акыры кирип барды:
- Ээ, кокуй, Сарыке, эмне болуп жатасыңар? Ай, кемпирди өлтүрөсүңбү, бул эмнең?!
- Өзү жинге тийип жатпайбы, карганып... Бозону төгүп салды. -Кухняны жаңсап койду да. - Дура, ненормальная! - деп күңгүрөнүп бир нерселерди сүйлөнүп эки колду чөнтөккө салып, эшикке чыгып кетти бала.
Полдо бүрүшүп, неберенин тепкисинен бетин калкалап, жоолугу шыпырылып, ак баскан ичке, эки өрүм чачы саксайган эне эчкирип ыйлап олтурду. Жүзүмкандын үнүн угуп, ого бетер солуктап, кимге арманын, кайгысын айтаарын билбей өпкө-өпкөсүнө батпады. Аттиң, кор болгон карылык, жок дегенде кайгы-муңун, ызасын тең бөлүшкөн абысыны Калипа жанында болсо эмне?
- Кара күн, таэнесине кол көтөргөнү эмнеси? - кемпирдин жанына басып келип ылдый олтурду.
- Эне, эмне болдуңуз?
- Мен куруюн, - бозо жыттанган эненин оозуна башка келбей ыйлап олтурду. Ошол күндөн бери Токтосун энеге дүйнө алакандай тарыды. Бүк түшүп, наар албайт. Үшкүрүнүп жатканы жаткан. Карандай чай ичкен болот.
- Ошол тентек балага теңелесиңби, апа? Унчукпай эле бөлмөңө кирип кетсең болмок. Жаш баланы шал тий деп каргап жатсаң анан, Жумаалынын жини келбейби? - Шайырдан уккан кеби ушул болду. "Ээ жараткан, кайсыл зыяным, кайсыл күнөөм үчүн күйөө бала мага жанагыл сөздөрүн айтты! Чыгына кол салганча өлүп калайын. Оо, кудай, менин жанымды азыр эле алып кет! Өзүмдүн Салмоорбегимди эле жайратпай турсаң эмне, жараткан! Күйөө балага кор кылбай, ошонун колунан өлбөйт белем. Чырактай болгон отуздагы, жыйырмадагы балдарды алганча, мени токсонго чыгарып томолонтпой алып кетсең боло! Топтой
тепкиленгенче мен өлүп эле калсамчы! Бок-сийдигинен арылтып, чоңойткон неберелерим минтип кол салып олтурса, демек, бул тирүүчүлүктө мага орун жок турбайбы?
Карыганда мени Шайыр кууп чыкты деп айылга барамбы? Кимге үйүңө киргизип кой деп жалдырайм? Менин Шайырдан көрөөр сыйым ушул беле? Эмне үчүн Шайыр баардыгына көз жумат? Бул дүйнөнүн жетимиш жылдан берки түйшүгүнүн баарын унутуп, эненин таттуу кыялдарын, көз ирмемдик жыргалы тээ алыскы Ат-Башыга кетти. Салкын аба, жапжашыл талаа, бадалдуу сай, керилген төр, ак чокулуу бийик тоолор. Ушул жерде эркин ойноп, балалыгын өткөргөн Токтосун эне балбылдаган ойноок кара көздүү, жебедей керилген каштуу, соорусунан ашкан кара чачын беш көкүл өрүп, үкүлүү топуну башына кондуруп, ак жибектен кош этек көйнөк, кызыл баркыттан саймалуу чыптама кийип, атасынын энчилеген күлүгүн минип жүрчү. Шайыр мүнөздүү, эрке өскөн Токтосун каткырып күлүп, ырдап, кыздарды чогултуп алып ойночу. Ат жарыштырганды жакшы көрөөр эле, себеби анын күлүгү биринчи келчү. "Көбөгөн ажынын жакшы кызы бар дейт", - дешип атын угуп, суктангандар келе беришчү, Токтосундун колун сурап. Атасы: "Эркем, меймандар келиптир" , - десе: "Баягынын бири да", - деп шартылдап атына минип алып кетип калчу. Күзгө маал, орокчулар эгин оро баштаган убагы эле. Тоодогу бетегелердин кунары качып, мал жаканы көздөй түшүп калган. Ажынын айылы жайыт которгону камынып жатышкан. Ошол күнү Нарындан меймандар келишти. Токтосун адатынча кетип калган жок.
Келгендердин арасында жашы өзү менен чамалаш бир жигит бар экен. "Кызым, алыс кетпе. Булар Нарындан келишти, Дөөлөт ажынын керээзи боюнча сөйкө салган кызын алып кеткени келишиптир. Менин боюмда бар кезде атаң менен бел куда болушуп, калыңын беришкен. Ал кыз чарчап калып, андан үч жылдан кийин сен төрөлгөнсүң. Шарт боюнча ажыдан кол үзбөйбүз деп кайра сага сөйкө салганы келишиптир" . Ушуларды энесинен укту кыз. Балдары токтобой жүрүп, атын Токтосун коюп ырымдашыптыр. Токтосундан улуу эки агасы бар эле. Бирөө Бекбосун тири карак бала, кийинкиси жоош, ажынын байбичесине окшош Бийболсун болчу. 16-жылкы үркүндө Кытайга алып бара жатканда Бийболсунга ок тийип, көмүлбөй калыптыр. Бекбосунду Кашкардан жоготуп жиберишкен, эл мекенине кайтып, тынчыгандан кийин, Совет убагында: "Тирүү экен, очор-бачар болуптур" , - деген кабар угушкан. Куда түшүп келгендердин арасындагы жаш жигит Токтосундун болочок күйөөсү Турсунбай болуп чыкты. Эки күндүн кийин Токтосун үчүн берилчү калыңын айдатып келип, шаан-шөкөт менен алып кетишкен. Абысындары Токтосунду тамашалап калышчу: "Бул оңой ургаачы эмес, эки кыздын калыңына келген ажынын эрке келини. Мунун күчү, баасы арзан эмес!" Башкалар суктанганы менен ажынын эрке кызынын тагдыры ушундай татаал болбодубу!
Жумаалынын сөөгү коюлду. Кеч кирип, өзгөлөр кетип, Шайырдын өз туугандары калды. Кеп кемпирдин мындан аркы тагдыры жөнүндө болду. - Энебизди өз жерибизге алып кетебиз. Бир чүкөдөй кемпир багылбай калат беле? -деди көгала сакал абышка. - Жаман-жакшы айтышпайлы, Шайин, кемпирди жөнөт биз менен.
- Балдарым өлүп калсам, сөөгүмдү талашпагыла, -деген болду кемпир башын жерге салып. -Шайыр билсинчи.
- Апа, сени бербейм, мага намыс керек. Эл эмне дейт? Ушунча чыдап, өлөөрүңдө чыдабай калдыңбы?
- Эми кайдагы намыс? Намысты бир эле саатта жууп таштаса болот тура, - деп кемшеңдеп барып токтоду. Кетемин деп ачык айта албады эне. Шайырдын бербейм дегенин, эненин унчукпай, талашпагыла деген сөзүн уккан туугандары башка сөз айтышпады. Кандай чечим чыкканы дагы билинбеди. Шайырдын төркүндөрү эртеси күнү келген жагына
кайтышты.
- Ай, эне, арызданбай. Сөөк коюлганча олтура турбайсыңбы? Кана кимиси сени "жүрө гой" деди? Мени гана шерменде кылдың элге. Төрүңдөн көрүң жакын, бүгүн өлөсүңбү, эртең өлөсүңбү, ким билет? Кайсыл балаң алып кетет? Батпаадай болуп өз кызың мага араң батып жатканда, алар сени бут аарчы кылбайбы! Ким сага өлө калсаң жылкысын чыгымдагысы келип жатыптыр? Элдин көзүнчө алып кете коебуз дегени менен
тиякка барганда сени топтой томолотпойбу, сен көм, мен көм болуп.
Буулуккан Шайырды
эненин токтот деген
чаңырыгы "селт" эттирди.
- Сенин көзүңдү май
басыптыр, Шайыр.
Төркүндөрүмө сөз
тийгизбегин. Алар сага караганда беш эсе жогору адам. Башка сөз айтпайын, мага кылганыңды
балдарыңдан көрөөрсүң, кантейин! Таң атканча кирпик какпай, ар нерсени ойго түшүргөн Токтосун эне демейдегиден тың турду. Муздак сууга чайынып, тазаланды. Тепейип олтуруп алып, бир баштан бардык көзү
өткөн жакындарына
куран окуду. Ар бирине куран багыштаган сайын элестери, качанкы сүйлөшкөндөрү, көз алдына, күнү бүгүнкүдөй тартылып, "аа, кургурум" деп коюп олтурду. Майрам күндөрү кийүүчү кийимдерин кийип алып басып баратты. Үзүлбөгөн, түрмөктөлгөн ой, канында кайнаган намыс энени күркүрөгөн Нарын дайрасына жетелеп келди. Октябрь айынын таңкы муздак жели кемпирди ичирткентти. Алкынып-жулкунуп, долуланып, кылымдардан бери далай өмүрдү чамындыча агызып, соруп кеткен дайра адатынча өз нугу менен агып жатты. Алыстан караган адамга чоң суунун жээгинде кемпир кумурскадай эле көрүнмөк.
Токтосун эненин качандыр бир кезде бул жашоодо болуп
кеткендигин далилдегендей, дайра жээгиндеги таш аралаш кумда кепичинин жана оң колундагы таягынын издери калып жатты. Ал анын өмүрүндөгү акыркы издери эле. "Кайдагы намыс эми. Мени Көбөгөн ажынын тукуму дейт. Мындай кордукту эч качан көтөр ө албайм!" -деп күбүрөнүп, келме келтирип алды. "Табылбай калсам ушул жерге куран окушар", -деген ойдо, чоң жалтырак жолугун, колундагы таягын жээке таштап койду. Дагы бир адам баласынын канын эңсеп тургандай, өжөрлөнгөн ташкылт түстөгү Нарын дайра кумурскадай кемпирди оп тартып алды. Суудан корккон эне көзүн бекем жумду.
...Көбөгөн ажынын энчилеген тулпарын минип, үлпүлдөгөн үкү тагынып, беш көкүлдүү, ак көйнөкчөн кыз Ат-Башынын жайлоосунда сызып баратты...

Аягы...

(Facebook социалдык тармагынан алынды)

Поделитесь с друзьями