ТАГДЫР: "Бир бутум көрдө, бир бутум жерде кезде көчөдө кайыр сурап калдым..."
Турмуш  |   |  575

Отуз уулуң болгуча абышкаң аман болсун деген чын экен... Бул сөздү толук айта албай жатпаймынбы. (күлүп) Кайсыныма күлөйүн балам, абышкам болсо минтип жалгыз отурмак эмесмин" - деп баштады сөзүн жашы 80ди таяп калган, борбордун көчөлөрүнүн биринде кайыр сурап отурган эне.

- Эне, үшүгөн чыгаарсыз, күндүн суугу күчөп жатат... Үшүбөйм балам, үшүп бүткөм. Сен балаңды үшүтүп алба?

- Көптөн бери отурасызбы бул жерде? 3 айдай болуп калды. Жыргаганымдан отурат дейсиңби, куураган турмуштун айынан отурам. Абышкам салган үйдөн да айрылып, көчөдө калдым.

- Балдарыңыз каякта? Уулум бар Россияда. Абышкамдын үйүн коюп насыяга акча алып бериңиз дегенинен алып берсем, төлөй албай калып үйдү алдырып жиберип шаарга келип батирде жашап жатам. Россияда деле иш табуу кыйын турбайбы, иш таппай жүрөм дейт.

- Үйлөндү беле, неберелериңиз кайда? Үйлөнгөн, бирок ажырашып кетишип, соттошуп жүрүп ишинен да кетти. Балам аябай чүнчүдү. Акчасы жок кыйналганынан балакет баскан насыяны албадыкпы. Неберелерим биз менен катышпайт. Тууган-туушкандардан уялып, балам шаарга алып келип батирге киргизген. Ай сайын батирге төлөгөнгө акча салам деген, кээде салса кээде салбай калат. Пенсиям болсо аны төлөгөнгө жетпейт. Күн суук, от да жага албайм. (ыйлап)

- Кыздарыңыз жок беле, бир эле уулуңуз барбы? Ооба, Кудай мага көп эле бала берди, бирок ушул уулум эле жашап кетти. Көп жыл Кудайдан тилеп жүрүп ушул уулумду чоңойттум. Абышкам эрте эле көз жумуп калган. Карманаар жалгыз уулумдун келинчеги да жакшы чыкпай, "Энең менен жашайт экенсиң" - деп мени аябай кодулачу. Чыдап эле жашап жүрчү, балдары чоңоюп калганда кетип калды. Сотко берди. Уулумду кыйнап койду...

- Балаңыз бул жерде отурганыңызды билбейт окшойт...

Билбейт, билип койбосун деп жашырам. Бирөө жарым таанып калабы деп бетимди көп көрсөтпөй башымды жерге салып алам. Күн жылууда чыгып отурам. Кайрымдуу адамдар бар, жардам беришет. Бирөөнүн үйүндө (ред: батири) жалгыз отура албайт экенсиң. Кечке отуруп зериккенче ушул жакка келип отурам. Балам келгиче өлүп калбастырмын деп ойлоп коем. Карыганда ушинтип үй-жай жок, кайыр сурап калдым балам... (Аты-жөнүн айтуудан жана номерин берүүдөн, сүрөткө түшүүдөн баш тартты. Энелерди жалгыз калтырбаңыздарчы...)

Булак: “Фабула”

Поделитесь с друзьями