ТАГДЫР - Балдарыңарды эрте жашынан жатак мектептерге бербегиле
Турмуш  |   |  1844

“Кудайдан тилеп жүрүп 3 кыздан кийин уулдуу болдум...”

3 кыздан кийин кудайдан тилеп жүрүп уулдуу болдум. Кыздарымды унутуп, биринчи жолу балалуу болгондой уулумдун көзүн карап чоңойттум. Себеби уул төрөй албайт деген сөз сай-сөөгүмдү сыздатып бүткөн. Андан кийин канча дарылансам деле боюма болгон жок. 3 кыз, бир уулума каниет кылып жашап калдым. Кыздарымды айылдан, кадимкидей эле орто мектепке окуткам. Уулумдан үмүтүм чоң болуп, ушул бала эч нерседен кем болбосун, билимдүү болсун деп жеке мектепке бергим келди. Айылдан борборго келип, түрк, англис тилдеринде окуткан лицейлеринин бирине уулумду тапшырдым. 3-4 тилди үйрөнүп чыгат, келечеги кең болот деп кубандырышты. Анын үстүнө мектеп балдарды дароо жатакана менен камсыздайт экен. Уулум эр-азамат болот деп кымбатына карабай окутуп, ичпегенди ичирип, кийбегенди кийгизип өтө эрке өстүрдүк. Чындыгында жакшы окутушат экен. айткандарындай эле 4 тилде эркин сүйлөп чыкты.

“Өз колуң менен тарбиялабасаң, бооруңа кысып уктабасаң балаң сенден алыс болуп калаарына өз көзүм менен күбө болдум...”

Жылдар кандай тез өтөт. Балам 5 күн жатаканада, 2 күн үйдө болуп окуп жүрүп билинбей эле мектепти аяктап, Түркияга окууга жөнөйм деп калды. Жалгыз уулубуздан көптү үмүттөнүп ал жакка да кетирдик. Бирок билесиздерби, өз колуң менен тарбиялабасаң, бооруңа кысып уктабасаң балаң сенден алыс болуп калаарына өз көзүм менен күбө болдум. Уулум өзүмчүл, өз курсагы тойсо болду, тууганчыл эмес, киши сүйбөгөн, өзү менен өзү менен өзү эле бир дүйнө болуп чыга келди. Башка кыздарым боорукер, урушуп койсом биринчи кечирим сурашып, оорумду колдон алышып апалап турушат. Аларга көңүл бурбай, уулумду баса калып эркелетчү элем...

Уулум Түркияда окуп жүргөндө колунда телефону туруп бир жолу чалып абалыбызды деле сурап койгонго жарабайт. Өзүбүз чалып, издеп, араңдан зорго сүйлөшөбүз. Алдыга койгон пландарын деле айтып жибербейт, майрамдарда куттуктаганды деле билбейт.

“Бизге айтпай, чет өлкөдө жүрүп үйлөнүп алыптыр...”

Түркияда окуп жүргөндө эле үйлөнүп алыптыр деп уктук. Бизге бир ооз айтып койсо эмне болот эле? Мен келиниме жоолук салам деп өмүр бою күтүп жүрөм го... Таарынып мен да чала элекмин. Бир жылдан ашык убакыт өттү. Өзү чалып койгонду деле билбейт. Эжелери жазып эмнеге байланышпай жатасың дешсе, үйлөнгөнүмдү апамдар туура эмес кабыл алышыптыр, өз жашоомду өзүм эле билейинчи деп кекетиптир. Мен кудайдан ушинтип тирүү туруп өз баламдан жылуулук күтпөй калыш үчүн сураныптырмынбы? Бул эмне деген жорук? Абдан жүрөгүм канап турат. Уул деп кудайдан тилеп, асырап өстүрүп, татыктуу билим алсын десек бизге кылган мамилеси ушулбу? Мен баарына өзүмдү күнөөлөйм. Каяктагы башка элдин тарбиясын берип, чет тилде сүйлөтөм деп ээликкен мен! Өзүмдү күнөөлөп коюп отурам. Ата-энелерге айтаарым, эч качан балдарыңарды эрте жашында бөлөк өстүрбөгүлө. Бооруңарга кысып баккыла.

Булак: “Фабула”

Поделитесь с друзьями