ТАГДЫР: Бай үй-бүлөгө турмушка чыгуудан чочулап атам
Турмуш  |   |  672

Буюрса он күндөн кийин турмушка чыгам. Жигитимди аябай жакшы көрөм. Мени дагы жакшы көрөрүн, мен үчүн баарына даяр экенин билем. Бирок, ал өтө бай жердин баласы. Менин ата-энем болсо айылда эски тамда карапайым жашаган адамдар. Эки-үч жерден билип калдым, мени жигитимдин апасы аябай сураштырып жатыптыр. Алардын байлыгына деле кызыккан жерим жок. Бирок, болочок кайненемдин ушунча катуу сураштырганы ойго салууда. Үйдөгү ата-энем да “тең-теңи, тезек кабы менен” деп менин бай үй-бүлөгө бүлө болуумдан кооптоно башташты. Болочок кайненем “Лексус 570” айдаган аял экен. А бизде “Лексус” тургай, жөнөкөй да автоунаа жок. Ата-энемдин сөзүн угайын дейм, бирок сүйүү күчтүүлүк кылып, баш тарталбадым. Айтор, оор акыбалга кабылдым. Ал эми ак тоюма аз гана күндөр калды...  

Булак: "АЗИЯnews"

Поделитесь с друзьями