Суу ташкынынан 21 киши каза болду
Кылмыш жана кырсык  |   |  448

Индонезиядагы тынымсыз жааган жамгырдан улам суу ташкындап, 21 адам каза болду. Бул тууралуу Индонезиянын Коомдук иштер министринин сөзүнө таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматтарга караганда, 31-декабрдан бери тынымсыз жааган жамгырдан суу ташкыны келип чыгып, көптөгөн кырсыктарга себеп болууда. Индонезиянын борбор шаары Жакартадагы кооптуу деп саналган аймактан 30 миң адам коопсуз аймактарга көчүрүлгөндүгү айтылды. 

Индонезиядагы экстрималдуу аба ырайы 7- январга чейин созулары күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями