Сүрөт - Жылдыздарга мончодо сүрөткө түшүү модага айландыбы?
Маданият  |   |  4511

Учурда маалыматтык технология күндөн-күнгө өнүгүп жаңы ачылыштар дүйнө жүзүн каптоодо. Улам жаңы бир нерсе ойлонуп табылса, адамзат ага тез эле көнүп, пайдаланып жатышууда. Интернет дагы кеңири колдонулуп, социалдык тармактардын улам жаңысы пайда болуп, аларга катталып, жаңылыктары менен бөлүшүп турган жылдыздар абдан көп.

Бирок, социалдык тармактардагы жылдыздардын жосунсуз жоруктары коомду башка нукка буруп бара жаткандай. Жылдыздардан жаңылык издесең, “Жеке баракчам. Эмнени кааласам ошону менен бөлүшөм” дешип кайда барбасын ал жерден сүрөткө түшүп жүктөөнү адатка айлантышты.

Андай жерлердин бири коомдун мончолор. Төмөндө мисал боло турчу сүрөттөр бар. Бул бери жагы эле... Мындай сүрөттөрдү жүктөп жүргөн ырчылар аттарын атабасак да белгилүү... “Артист” десе эле баары жарашат берет деген нерсе болбойт го... Маданияттын өкүлдөрү өздөрүн элге үлгү катары көрсөтүп, маданиятты өздөрүнөн биринчи башташса өнүгөт белээр белек...?

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями