СҮРӨТ+ВИДЕО- Ырчы Нияз Абдыразаков кичи ажылык сапарында
Маданият  |   |  220

Ырчы Нияз Абдыразаков учурда Сауд Арабияда умра (кичи ажылык) сапарында жүрөт. Бул тууралуу ырчы жергеликтүү агенттиктердин бирине билдирди.

"Биз 41 адам болуп Сауд Арабиясына келдик. 3 күн Мадина шаарында болдук, дагы Меккеде 7 күн жүрөбүз. Бул жактагы адамдардын жайдары, ак көңүлдүгүн көрүп абдан таасирлендим. Бири-бирин урушкан адамды көргөн жокмун. Сүрөттө көрүп жүргөн Кааба ташына барганда тойбой кайра-кайра карап, өңүмдө болуп жатканына өзүмө ишене албай жүрдүм. Эң негизгиси, сапарым мени сабырдуулукка үйрөттү", - деди ырчы.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Жарашат бекен?)

Публикация от Нияз Абдыразаков (@niyaz_abdyrazakov)

Ал Инстаграм баракчасына Умрадагы сүрөттөрүн жүктөгөн. Ырчынын достору каалоо тилектерин арнап, комментарийлерди  байма-бай жазышууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями