СҮРӨТ+ВИДЕО - Алматыдагы учак кырсыгынан каза болгондордун саны 14 кишиге жетти
Кылмыш жана кырсык  |   |  369

Алматыдагы учак кырсыгынан каза болгондордун саны 14 кишиге  жетти. Бул тууралуу Казак басылмалары жазып чыгышты.  

Буга чейин, окуядан каза болгондордун саны 7 адамга жеткендиги маалым болгон.  Куткаруу иштеринин жүрүшүнөн улам, азыркы учурда мерт кеткендердин саны 14кө жеткендиги белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең мененки саат 07:22де Алматы шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган учак кулап түшкөн. Белгилүү болгондой Bek Air авиакомпаниясына таандык учак Алматы шаарынан Нур-Султан шаарына бет алмак. Бирок, учак абага көтөрүлгөндөн кийин керектүү бийиктикти ала албай, аба майдандын тегерегиндеги дубалга илинип, эки кабаттуу имаратка барып сүзүлгөн. 

Айрым маалыматтар боюнча учактын ичинде 95 беш жүргүнчү болгон. 

Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иш жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями