СҮРӨТ-Шарапова Австралиядагы катуу түтүндөн улам матчты аягына чыгара албай калды
Дүйнө жүзүндө  |   |  687

Шейшемби күнү Австралиянын Мельбурн шаарында мурдагы дүйнөнүн биринчи ракеткасы Мария Шарапова германиялык Лаура Зигмунд менен көргөзмө матчты өткөргөн.

 Оюндун 1-бөлүмүндө 7:4 эсеби менен Мария өйдө келип жаткан. Экинчи бөлүгүндө 5:5 эсеби менен оюн токтотулду.

 Бул тууралуу теннисчи Твиттердеги баракчасына жазып чыккан.

 

 

 

 

Спортчулар кортто 2 саат 38 мүнөт өткөрүшүп, түтүндүн айынан оюнду эки тараптуу токтотуу чечимине келишкен.

Мария Шарапова: “Экинчи бөлүм аяктай баштаганда катуу жөтөлө баштадым. Алгач жөтөл менин жакын арада сыркоолоп калгандыгымдан улам деп ойлогом. Бирок ушундай эле даттанууну атаандашыман да уктум”,-деп билдирген.

австралия в огне сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

Эскерте кетсек, Авсралиядагы кырсыктан 30га чукул киши каза болуп, миллиарддан ашуун жаныбарлар өлгөн. Бак-дарактар күйүп, жалындаган өрттүн аянты барган сайын чоңоюуда.

австралия в огне сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

Дүйнө коомчулугу бул көйгөйгө кайдыгер карабай ар ким колдон келген жардамын сунуш кылышууда. Австралия өкмөтү тилсиз жоо менен күрөшүүгө миллиарддаган долларларды сарпташкандыгын айтууда.  австралия в огне сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

 

 Булак:Nazarnews.kg

Поделитесь с друзьями