СҮРӨТ - Мас абалында унаа башкарды делген сот айым инспекторлорду сотко берди
Кылмыш жана кырсык  |   |  2810

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова январь айынын башында унаасын мас абалында башкарып бара жатып, жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок анда сот айым рулда ал отурбагандыгын, документтери жанында эмес экендигин айтып, МАИ кызматкерине айдоочулук күбөлүк жана техникалык паспорт үчүн үйгө барып келүүнү сунуштаган. Бирок, ага көнбөгөн инспекторго эми Элмира Сулайманова кысым көрсөтүп, үстүнөн арыз жазгандыгы белгилүү болуп отурат.

Соттук отурум Сулайманова иштеген шаардык сотто өтөт. Анда сотко карата айып тагылгандыгы жана аны кармаган инспекторлорго карата арыз каралат.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями