СҮРӨТ-Киши шаардын ичинде суу агызгычтан "балык улоо" менен акча табат
Дүйнө жүзүндө  |   |  961

Чоң шаардын тургундары суу агызып таштоо үчүн жасалган каналга кайырмак салып турган адамды көп шылдыңдашчу. Бирок, убакыт өткөндөн кийин бала мындай нерсе менен миң доллардан табаарын билгенде шылдыңдоону токтотушкан. Бул тууралуу Trendymen жазып чыкты.

Элиел Сантос өзүн  “профессионалдуу балыкчы” деп эсептейт. Ал “балык улоого” өзгөчө жер тандап алган. Сантос Нью-Йорк шаардык суу агызгыч торчолордон ишин тапкан.

Ага мындай идея бир нече жыл мурун келген. Ал көчөлөрдө сейилдеп жүргөндө суу агызгычты тиктеп турган кишини көргөн. Ал киши үйүнүн ачкычын түшүрүп алганын билгенден кийин Сантос ага жардам берүүчү чечкен. Дүкөнгө кирип, суюк клей сатып алып аны ташка куйган. Ташты болсо жипке байлаган. Ылдый суу агызгычка түшүрүп ачкычты алып чыккан. Ачкычын түшүрүп алган киши жардам берген үчүн 50 доллар берген.

Ошол учурда Сантос аны алдыда чоң келечек жана өзгөчө кесип ачылганын түшүнөт.

Бир нече жылдын ичинде Сантос чыныгы профессионал болуп калат. Магнит, суюк клей, жип, кайырмак менен ал суу агызгычтан жүздөгөн, кээде миң долларлык буюмдарды алып чыгат.

Сантос суу агызгычтан бриллианты менен браслет алып чыгып, аны 2 миң долларга саткан. Бул ал үчүн эң мыкты, жемиштүү күндөрүнүн бири болуп саналат.

Анын окуясын билген адамдар шыдыңдабай калышкан. Дагы ким мындай өзгөчө нерсе менен акча табалам деп мактана алат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями