СҮРӨТ - Борбор калаада жаңы жылдык жарманке өтүүдө
Коом  |   |  294

Бишкекте жаңы жылдык жарманке өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманке 30-декабрга чейин Курманжан датканын эстелиги алдында болот.

"Иш-чарада ар түрдүү кооздуктар, таттуулар, колго жасалган идиш-аяк, сувенир, эко-азыктар, бал жана чай коюлууда. Ошондой эле ысык кофе, шоколад жана печеньелер да берилип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, коомдук транспортто колдончу "Тулпар" карточкалары да акысыз таратылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями