Сулуулуктун натыйжасы боек эмес
Ден-соолук  |   |  213

1. Углевод же белок менен кошо май организмге энергия болот. Эгер май курсакка жыйналбасын десеңиз, аны өлчөмү менен колдонууну үйрөнүү кажет, маселен, бир күндө 60-80 грамм дегендей. Өсүмдүк майларында, буудайда карылыкты кечеңдеткен, беттеги кара тактардын алдын алган, теринин саламаттыгына таасир эткен Е витамини бар. Балыкта организм үчүн баалуу май кислотасы бар. Анын жардам аркасында жараат бат айыгып, тери жумшак жана жылмакай болот экен.

2.  С витамини иммунитетти гана жакшыртпастан кан тамыр, ичке байламталар, муун үчүн азык болот, сезгенүүгө каршы күрөшөт, күнгө күйүп калгандын кесепетин жоет. Ошондуктан киви, карагат, апельсинди көбүрөөк пайдаланыңыз. Жашылчадан болгар калемпири, брокколи чемпион.

3. Тырмак менен чач сулуулуктун ачкычы деп санаганда В тобундагы витамин менен цинктин запасын толуктап туруш керек болот. Эки нерсе тең дан азыктарында көп болот.

4.  Ананаста белокту туура бөлүштүрүп сиңире турган касиет бар, ошондуктан ал тамак сиңирүүнү жакшыртып, зат алмашууну женгө салып, шлактан арылтат.

5. Биойогуртта ичегинин ишин жакшырткан, тамак сиңирүүнү тездеткен "жакшы" бактериялар болот. Эгер ичегинин иши жакшы болсо анда теридеги сезгенүүлөр, безетки тактар да жок болот.

6.  Эгер күндү түйшүк менен өткөрүп, убагында тамактанып алууга шарт болбой көчөдө болсоңуз, бир банан жеп койсоңуз ток боло түшөсүз жана маанайды жакшыртат, аз болсо да витамин менен толукталат.

Булак: ШАМБАЛА

Поделитесь с друзьями