Сүйүнчү! Кыргыз футболчуларынын баасы көтөрүлдү
Спорт  |   |  472

Маалыматтарга караганда, 2019-жылдын 3-январында кыргыз футболчуларынын башка жерге барып ойногон баасы 2 миллион 75 миң евро болчу. Айта кетүүчү нерсе мындай баа бардык футболчуларга эмес, тогуз оюнчуга гана тиешелүү. Алардын ичинен эң кымбаты болуп, команданын капитаны Валерий Кичин (1,2 млн евро) болуп саналган. Акырындык менен футболчулардын баасы да, оюнчулардын саны да өстү.

Бир жыл жыл ичинде Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчуларынын баасы дээрлик эки эсе өсүп, 4 миллион еврого жетти. Мындай рейтинг тууралуу Германиялык футбол порталы билдирди. 2020-жылга карата 23 футболчунун баасы 4 миллион 125 миң еврого жетти.

Эң кымбат  оюнчу катары мурдагыдай эле Валерий Кичин ( 1,2 млн, ноябрь айында 300 миңге кымбатыраак бааланды). Андан кийин Гүлжигит Алыкулов (400 миң евро), Темирлан Козубаев ( 275 миң евро) турат.

Эске сала кетсек, былтыркы жылы Кыргызстандын курама  командасы Азия кубогунда ойноп, плей-оффго чейин жете алган. Бирок акыры чемпионаттын ээси-Бириккен Араб Эмирлигине жеңилип калышкан.

Азыркы учурда Дүйнө чемпионатынын тандоо туруна карата беш оюн өткөрдү. Анын экөөнү жеңип, экөөнөн утулуп, бирөөндө тең чыгуу катталды.

Булак:NazarNews

Поделитесь с друзьями