Сот залынан Албек Ибраимов "ыйлап", Кубанычбек Кулматов "жыргап" чыкты
Кылмыш жана кырсык  |   |  1921

Ленин райондук соту эки мэрди күнөөлүү деп таап Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратса, жагдайларды карап чыгып Кубанычбек Кулматовду 5 миллион сом айып пул төлөөгө миледеттендирип, сот залынан бошотту. 

Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматов 2018-жылдын майында “коррупция” беренеси боюнча күнөөлөнүп, июнь айында кармалган. Ал борбор калаанын мэри болуп турган убакта “Калыс Ордо” конушундагы мектеп жана бала бакчага Кытай тараптан  бөлүнгөн акча каражатын мыйзамсыз колдонгондукта (бул айып менен Албек Ибраимов шектүү деп каралган) күнөөлөнгөн. 

Ал эми Албек Ибраимовго “ишенип берген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, бул иш экс мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган учурга байланыштуу болгондугу айтылган. Кийинчерээк Ибраимов Бишкек шаарынын түштүк аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган. Ушул жылдын март айынан баштап, эки мэрдин иши бириктирилип сотто карала баштаган. Эки экс мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями