Сооронбай Жээнбеков: «Таза коом» долбоору жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат»
Саясат  |   |  939

 Сооронбай Жээнбеков «Таза коом» эл аралык конференцияга катышып, ал боюнча оюн билдирди.

«Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен азыркы учурда өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиясы иштелүүдө жана буга байланыштуу алдыдагы чакырыктарга даяр болууга тийишпиз. Мен ийгиликтин негизги үч башкы элементин көрүп турам. Бул - башкаруунун жаңы модели, жаңы технологиялар жана адамдык потенциалды өнүктүрүү.

«Таза коом» долбоору өз ичине аталган үч катмарды камтыйт жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бир нече негизги жолдору бүгүнкү Форумдун өткөрүү логикасында чагылдырылууда», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями