Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербургга барды
Расмий кабарлар  |   |  252

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия) учуп келди.

Мамлекет башчысы ЖЕЭКтин чакан жана кеңири курамдагы жыйындарына катышат.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

 

Поделитесь с друзьями