Самара Каримова, ырчы: “Талбас эмгектин арты менен ал кыялдарым орундалды”
Маданият  |   |  511

-2019-жыл эмнеси менен эсиңизде калды. Деги эле сиз үчүн кандай жыл болду? Кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?

- Узап бара жаткан жыл мен үчүн эң жемиштүү жылдардан болду десем жаңылышпайм. Себеби көптөн бери тилек кылып жүргөн максаттарым орундалып, Ташкентке, Москвага, болгондо да Кремлдин чоң залына жеке концертимди бере алдым. Коңшу мамлекеттерге, Орусияга, деле чет жерге жеке концерт берүү менин кыялым болчу. Кудайдын буйругу, жакындарымдын колдоосу, талбас эмгектин арты менен ал кыялдарым орундалды. Ошол концерттин аркасы менен бир топ жаңы ырларды жаздырып элимдин сынына коюуга жетиштим. Учурда болсо жаңы жылдык кечелерге тартылып жүрөбүз. Буюрса, быйыл жаңы жылды борбордо тособуз. Жыл жаңыргандан кийин Дубайга эс алууну пландап жатабыз. Эс алуудан кийин кайра эле чыгармачылыкка киришебиз. Себеби 2020-жылы Бишкекке жеке концерт берейин деген тилегим бар.

Булак: "Фабула"

Поделитесь с друзьями