Сак бол! Бишкекте 1 суткада 2 жүздөй адам жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылды
Адабият  |   |  314

Оорукана менен поликлиникада бут коерго жер жок!  Акыркы бир сутка ичинде Республикалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө эле 199 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Анда айтылгандай, кайрылгандардын жетимиши чоң адам болсо, калган 129 бейтап жаш балдар болгон. Алардын ичинен 53 бейтап бала жана 6 чоң адам ооруканага жаткырылган.

Алсак, ичеги оорусу менен ооруган 16 бейтаптын ичинен 8 адам ооруканага жаткырылса, 8 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ал эми вирустук инфекция менен кайрылган 57 бейтаптын ичинен 25 адам ооруканага жаткырылган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями