Россиянын жараны 9 жылга эркинен ажырап, жарым миллиард сомго жакын айыпка жыгылды
Кылмыш жана кырсык  |   |  805

“Росинбанктын” төрагасынын мурдагы орун базары Андрей Гойхман 9 жылга эркинен ажыратылып, 489 миллион сом өндүрүлүп алынды. Жогорку сот Гойхман боюнча төмөнкү инстанциялардын соттук чечимин күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, Россиянын жараны, “Росинбанк” акционердик коомунун акционери Андрей Гойхман мыйзмасыз жол менен алынган акчаларды легалдаштыруу жана өтө чоң суммадагы салыкты төлөөдөн баш тартуу беренелери боюнча айыпталган.

Буга чейин Гойхман Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан “Коммерциялык жана башка уюмдарда кызматынан кыянаттуулук менен пайдалануу”, “Кылмыштуу жол менен өтө чоң өлчөмдөгү каражаттарды легалдаштыруу” кылмыш иштери боюнча күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылган. Андан сырткары, Гойхмандан 489 миллион сом мамлекеттин эсебине өндүрүлгөн. Кечээ, 15-январда Жогорку сот буга чейинки соттук инстанциялардын чечимин күчүнө калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями