Россияны баскан кыргызстандыктар эми Болгарияны басат
Коом  |   |  485

Болгария Кыргызстан менен эмгек миграциясы тууралуу макулдашууну колдоду.  Болгария өкмөтү Кыргызстан, Азербайджан жана Өзбекстан менен эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча эки тараптуу макулдашуулардын долбоорун жактырды.

Чечим 18-декабрь күнү Болгария өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган. Өлкө тарабынан макулдашуунун аткарылышына Иш менен камсыз кылуу агенттиги көз салат. Документке ылайык, аталган үч өлкөдөн барган мигранттар болгариялыктардай эле укукка, милдетке ээ болуп, корголот. Кабыл алган тараптан макулдашуунун аткарылышына иш менен камсыз кылуу агенттиги көз салат.

Эске салсак, Болгария буга чейин ушундай эле макулдашууну Армения, Молдова жана Грузия менен түзгөнү айтылат. Эми Украина жана Белоруссия менен сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями