Рамзан Кадыров аскер техникасын чыгарып баштады
Коом  |   |  576

Чеченстандын "Болат" ишканасы аскердик багыттагы атайын автоунааларды чыгарууну пландап жатат.

Учурда ишкана ар түрдүү аскердик атайын операцияларга ылайыкталган автоунаанын биринчи үлгүсүн жасап чыккан. Тышы ок өтпөөчү материалдан жасалган унаа түрдүү куралдар менен жабдылган. Салону ыңгайлуу келип, ичине кондиционер да орнотулган. Максималдуу ылдамдыгы саатына 120 чакырым. Жарадарларды, жүктөрдү жеткирүүгө, баардык жолдордо жүрүүгө ылайыкталган.  Унаанын салмагы 6 тонна 800 килограмм.

Аскердик унаанын үлгүсү кандай жасалганын видоедон коро аласыздар!

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями