Психиатриялык ооруканада бейтап жардыруу жасады
Кылмыш жана кырсык  |   |  1599

Кечээ, 14-февралда Россиянын Ставрополь шаарында психиатриялык оорукананын бейтабы жардыруу жасады. Бул тууралуу “Лента.ру” билдирди.

Маалымат боюнча, туугандары тарабынан оор абалда жаткырылган киши жардырган. Ал бир нече жолу өзүнүн жанын кыюуга аракет кылган. Киши орган жаракатынан улам каза болду.

Дарыгерлердин айтымында, башка жабыркагандар жок.

Жеринде Ставрополск крайынын  Тергөө бөлүмүнүн криминал тергөөчүлөрү иштеп жатат. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями