Премьер “пример” үчүн башын баталгага койду дей берели
Коом  |   |  730

Бири кем дүйнө да, бири кем... Ат-Башыдагы логистикалык борборду куруу демилгесин көтөрүп, элди чуру-чууга салып жаткан өкмөттүн туруктуу туруна катуу ишенишкен журт бузарлар , элди  дүрбөтүп,митингден-митингге сүйрөп, кала берсе 15-февралга “разведка боем”, 2-мартта “чечүүчү салгылашты” белгилеп кудуңдап жатышкан болчу. Эл деген жер үчүн башын катуу сайат эмеспи.. анын үстүнө кыргыздын далай жери өөнөлүп,сатылып, тартылып кетпедии..Ошон үчүн бу курдайы атбашылыктар шымаланып алышып, 1 кез жерди эч кимге карматпайбыз деп турушкан. Эгерде эле ошол жомок борбордо курууга макулдук берилсечи...

Премьер-министр өзү атбашылыктарга  түшүндүрүп, бош жаткан жерлер иштетилсе пайда да дегендей, жомокторунан да дарыс окуп жаткан. Иш макулдук берилүүгө жакындап, тияктагы журт бузарлардын чырагына май тамарына аз эле калган.

Анан эле какаганга муштаган болуп президент Жээнбеков “бовойт” деп кескин сөзүн айтып, канчалаган баштар ойлоп чыгышып, чыбыкка бүтүм урушкан пландарынын быт-чытын чыгарып салды. Оболу элим, жерим мен үчүн баалуу да , ыйык да.. бул президенттин катуу тууру..

Ошентип “Ат-Башы икаясы” “бовой калды сыягы. Эми не кылышат? Не кылышмак, башты ары-бери тоголотушуп.. табышат да дагы бир бузукулукту..мисалы Жерүй туру...

Болгону бир кызык ой келбей койбойт экен....Логистикалык борбордун ырынан чыры көптүгүн ал мурун билген эмеспи... же премьер өзүнүн оюнун ойноп келгенби шефине шек алдырбай? Эгерде шондой  болсо, анда премьер “пример” үчүн башын баталгага койду дей берели. Галстукчанды жактырган премьер эми өзү галстуксуз калат окшойт. Ага коңшусу эмес , өзү күнөөлүү.. галстукчан жолду өзү тандап алган...Ат-Башыда өзүнүн башына аттын башындай ташпишти жүктөп алганын дале сезбей отурат чамада... Эми сезсе да кеч болуп калды шекил.. президент “чык эшикке” деп бүгүн болбосо, эртең айткандай болуп турат. 

Калдар Шерматов

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями