Премьер Медведев аңтарылды, Абылгазиев качан аңтарылат?
Аналитикасы  |   |  901

Дмитрий Медведев 2012-жылы Орусиянын президентинен төмөндөп, Орусиянын премьер-министри болгон, эми дагы төмөндөп Коргонуу Кеңешинин төрагасынын орун басары болду. Деги анын өкмөт башынан кетишинин себеби эмне болгон?

 

Жаңы доордогу Орусиянын өкмөт башчылары ким болгон?

1999-жылдын августунда өкмөт  башчысы болгон Владимир Путинди 1999-жылдын 31-декабрында президенттин милдетин аткаруучу, мураскору кылып Борис Ельцин дайындаган соң 2000-жылы 26-мартта президенттик шайлоодо жеңип чыгып, 2000-жылы 7-майда президенттик инаугурациясын өткөзөт. Путин 2000-жылдын майында «Эки пайыз Миша» атка конгон Михаил Касьяновду премьер-министрликке дайындайт. 2004-жылдын 24-февралында Михаил Касьяновду отставкага кетирип, ордуна еврей улутундагы Михаил Фрадковду премьер-министрге алып келип, Израилден бата алат. 2004-жылдын 14-мартында Владимир Путин экинчи мөөнөткө президент болун шайланып, 2004-жылдын 7-майында президенттик инаугурациясын өткөзөт. Еврей Фрадков 2007-жылдын 15-октябрына чейин өкмөттү жетектеп Виктор Зубковго өкмөттү өткөзүп берет, ал 2008-жылдын 27-мартына чейин премьер-министр болот. 2008-жылдын 7-майында буга чейин өкмөт башчысынын орун басары болуп келген, Путиндин «Питер командасынан» Дмитрий Медведев президент болот да, Владимир Путин 2012-жылдын 7-майына чейин премьер-министр болуп келет. Владимир Путин президент болуп келген соң 2012-жылдын 7-майынан баштап Орусиянын премьер-министри болуп Дмитрий Медведев келаткан. 2020-жылдан баштап бул орунду Михаил Мишустин ээледи. Дмитрий Медведев өкмөт башчысы болгондон баштап Кыргызстандын өкмөт башчылыгын:

  1. Өмүрбек Бабанов;
  2. Жантөрө Сатыбалдиев;
  3. Жоомарт Оторбаев;
  4. Темир Сариев;
  5. Сооронбай Жээнбеков;
  6. Сапар Исаков;
  7. Мухаммедкалый Абылгазиев ээлешти.

Дмитрий Медведев өкмөт  башчы болоордон 7 ай мурун Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өкмөт башчысы болгон, эми ал бул кызматтан кеткен соң 7 айдан кийин Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчысынан кетип, ордуна жаңы премьер-министр келет дешет.

Дмитрий Медведевдин уулу АКШнын туусун көтөрүп жүрөт

«Эки пайыз Миша» атка конгон Михаил Касьянов кызматынан кеткен соң Путинге каршы оппозицияга өтүп «Немцовдун тизмесин» түзүп АКШга өткөзүп берген. Бул тизме боюнча белгилүү журналисттер, саясатчылар, бизнесмендер кара тизмеге түшүп АКШга баруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган, ал жакка барса эле камашат. Ошону менен катар 2014-жылы Орусияга өткөн Крымдын өтүшүнө. Донецк, Луганск Элдик Республикаларына  Касьянов каршы иш жүргүзүп келет.

Өз мекенин сатып, каршылаш мамлекетке уялап кеткен Илья  Медведев - Орусия  Федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведевдин жыйырма беш жаштагы  уулу.Медведев АКШнын жараны, АКШ болсо Орусияны душман катары көрүп Орусиялык жарандарды кара тизмеге алып, камап келатат. Таң калычтуу, Орусиянын өкмөт башчысы Медведевдин уулун кармамак түгүл мыкты бизнесмен кылып алышкан же Трамп менен ЦРУ аны билбейт дейсиздерби? Мындайча айтканда, Иликең орусиянын эл аралык аренадагы душманы аталган америкада супермаркеттердин тармагына жана май куюучу жайларга ээлик кылат. Американ тилин мыкты билет, англисче чалып сүйлөйт. Эми ойлонгула, ошол супермаркет, май куюучу жайларын бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн бирине Орусияда, Беларуста, Арменияда, Казакстанда, Кыргызстанда курса, иштетсе болот беле? Жанагы Сайдулла Нышанов деген БНМдагы май куючу «заправкалардын» барын басып алып бизнес кылган шоркелдейден мыкты Кыргызстанды гүлдөтмөк.Гүлдөтмөк болчу албетте, бирок эмнеге андай кылбайт? Себеби, Бажы биримдиги экономикалык “өлүк аймак!” Мындай мисалдар толтура! Андан көрө АКШта бизнес кылса, акчасы ашып-ташып турат. Арийне, Илья Медведев атасын Орусия олимпинен кетишине себепкер болду. Путин “Питер командасынан” Медведевдин Америкага суктануусун аяган жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями