“Пирожныйды тезинен жеп бүтүрүү” оюнунда каза болгон кыздын видеосу жарыяланды
Дүйнө жүзүндө  |   |  3563

Москвада Медициналык университетин студенти пирожный жеп, каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Москванын медициналык университеттеринин бириндеги 23 жаштагы студент Александра Юдина достору менен барга барган. Ал жактан алар “пирожныйды тезинен жеп бүтүрүү” деген оюнду ойнойлу деп чечишет. Ар бир катышуучуга үчтөн таттуу берилет. 

Александра эки таттууну бир убакта оозуна салып салат. Тамак дем алуу органына тыгылып калып, кыз тумчугуп калат. Жанындагылардын бири да биринчи жардам көрсөтө алган эмес. Жерине келген дарыгерлер да эч жардам көрсөтө албай, алар кыздын каза болгонун кабарлашкан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями