Пакистанда кар көчкүдөн 65 адам мерт кетти
Дүйнө жүзүндө  |   |  511

Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн аймагында кар аралаш жааган катуу жамгырдан улам  жер көчүп  67 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, соңку эки күндүн ичинде кар алалаш жааган  катуу жамгырдын айынан,  аталган аймакта жер көчкөн.  Окуядан  баш аягы 67 киши каза болуп,  42 адам жабыркап,  дагы бир канча кишинин дайыны чыга элек. 
Мындан сырткары, жер көчкүнүн айынан жолдор буулуп, жергиликтүү тургундар камалып калганы айтылууда. 
Катаал аба ырайынан улам,  акыркы күндөрү Пакистан менен Ооганстанда ажал тапкандардын саны 100дөн ашты.

Кошумчалай кетсек, кар көчкүдөн 45 турак үй жабыркаган.


Булак:NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями