Өзбекстан: Ок атууга жоопкер деп табылган аткаминерлер жазага тартылды
Дүйнө жүзүндө  |   |  436

Өзбекстандын башкы прокурорунун орунбасары Светлана Артыкова 2005-жылдын 13-майында Анжиянда өкмөттүн куралдуу күчтөрү да элге ок атканын айтты. 

Артыкова qalampir.uz басылмасына берген маегинде адамдарга ок атууга жоопкер деп табылган айрым аткаминерлер жазага тартылганын кошумчалады. Бирок кимдер жазаланганын ачык айткан жок.

Белгилей кетсек, 2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кан төгүүдө, расмий маалымат боюнча, 187 киши өлгөн. Эл аралык коомчулук Анжиян апааты боюнча көз карандысыз текшерүү өткөрүүнү суранган, бирок Ташкент буга макул болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями