Өспүрүм кыз турмушка чыккандан качып, сегизинчи кабаттан секирип кетти
Кылмыш жана кырсык  |   |  2193

Екатеринбургда 16 жаштагы кыз 50 жаштагы кишиге турмушка чыккысы келбей, терезеден секирип кетти. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кыздын сөөгү  10-январда Элмашь районунда табылган. Окуучу кыз ата-энеси менен сегинзинчи кабатта жашачу. Кыз жана анын ата-энеси улуту боюнча езиддер. Езид улуту көбүнчө Ирактын түндүгүндө отурукташкан. Алардын салты боюнча кыздары турмушка 16 жаштан баштап чыгышат.

Маалымат боюнча, кыз өзүнө кол салаардан мурун ата-энеси менен Омск шаарына барган. Ал жерде кыздын болочоктогу жолдошу жашайт. Так ушул жагдай үчүн ал өзүнө кол салган деп божомолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями