Оштогу салык башкармалыгынын жетекчиси Жалал-Абадга которулду
Коом  |   |  1526

Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Эрмек Чоюнов Жалал-Абад шаарына которулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салык жыйымдарын чогултуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы аракеттерди жөнгө салуу максатында ротация жүргүзүлгөн.

Эске сала  кетсек, өткөн жылдын декабрында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Чоюновду кызматтан алуу сунушу менен Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге кайрылган. Январь айында мэриянын коллегиясында дагы иш-чарага катышып жаткан вице-премьер Жеңиш Разаковго арызданган.

Сарыбашов "Чоюнов салык жыйноо жана көмүскө салыктарды ачуу боюнча алгылыктуу аракеттерди жасабай жатат" деп наарызылыгын билдирген.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаардык салык башкармалыгынын жетекчиси Бишкектин Октябрь району боюнча салык органынын начальниги болуп дайындалганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями