Ошто мурунку милиция кызматкери кармалды
Кылмыш жана кырсык  |   |  680

Ошто Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери мурунку милиция кызматкерин кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка караганда, 35 жаштагы С.Б. “Народный” дүкөнүнөн кармалды. Ички иштер бөлүмүнүн мурунку кызматкери пара талап кылып жаткан.

“Финполго $1 миң талап кылып жаткан милиционерге чара колдонууну сурангып эркек киши кайрылган. Кармалып жаткан учурда С.Б.  бир нече жылдан бери ИИБиде иштебей калганы жана кылмыш ишке шектелгени белгилүү болгон. Буга чейин ал зордуктоого шектелген”,-деп ведомстводон билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями