Ошто аялдар арасындагы волейбол боюнча “Өмүр үчүн күрөш!” аттуу кайрымдуулук мелдеши болуп өттү
Саясат  |   |  674

Ошто аялдар арасындагы волейбол боюнча “Өмүр үчүн күрөш!” урааны менен кайрымдуулук мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештин расмий ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, КРнын волейбол боюнча федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, «Борбордук Азиянын Аялдар лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүсү Асель Атабекова жана кайрымдуулук иш-чарасын колдоп келген ар тармакта эмгектенген инсандар, волейбол катышуучулары катышты.

Турнирде өлкөнүн түштүк аймагындагы облустарынан 30га жакын команда күч сынашты.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева иш-чаранын максаты аялдарды сергек жашоого үндөө аркылуу, элди кайрымдуулукка чакыруу экендигин белгилеп: “15-февраль рак илдети менен ооруган балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Ага карата рак менен ооруп жаткан 12 жаштагы Айжамалдын өмүрүн сактап калуу үчүн аялдар арасында волейбол боюнча кайрымдуулук чемпионатын уюштуруп жатабыз. Биздин максат элдерди ден-соолугун чыңдоо аркылуу бири-бирибизге камкор болууга, башкаларга жардам колун сунууга чакыруу болуп саналат. Бул иш-аракеттерибиз мындан ары да улантылат” – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, мелдешти уюштуруунун максапты айымдар арасындагы ынтымакты бекемдеп, бири-бирине болгон колдоону арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу менен биргеликте, рак илдети менен ооруп жаткан 12 жаштагы Темирбекова Айжамалдын операциясы үчүн керектелүүчү акча каражатын чогултуу болуп саналат. Азыркы тапта Айжамал апасы менен баш сөөгүн алмаштыруу үчүн, Индия мамлекетинин Дели шаарындагы «Dharamshila Narayna Super Speciality Hospital» ооруканасында дарыланууда. Дарылоо оор болгондуктан операциясына 70 миң доллар керектелүүдө. Буга чейин Бишкек шаарында да “Өмүр үчүн күрөш!” деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеши аялдардын башын бириктирип, “Волейбол боюнча Орто Азиядагы аялдар лигасы” коомдук фондунун түптөлүшүнө шарт түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями