Он жыл мурдагы өтө оор кылмыштын бети ачылды. Маркумду энеси татуировкадан тааныды
Кылмыш жана кырсык  |   |  14065

Жалал-Абад облусунда он жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Анда 2010-жылдын январь айында Чаткал районундагы Касансай дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын денеси табылган. Сөөктү кароо маалында маркумдун буту ташка байланып, ал киши колдуу болгондугу аныкталган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, бирок, тергөөдө илинчек жок болгондугунан улам кылмыш иши жабылып калган.

Өткөн жылдын сентябрь айында Жалал-Абад ОИИББнын буйругу менен убагында жабылып калган оор кылмыштардын иши кайра жанданган. Ошондон кийин Чаткал районунда он жыл мурда  киши колдуу болгон адамдын өздүгү такталып отурат. Ал Ала-Бука районунун тургуну, 1972 жылы туулган Мухтар Инамов болуп чыкты. Анын өздүгүн энеси менен бир тууган эжеси денесинде тартылган сүрөттөр (татуировка) боюнча таанышкан. Ал эми кылмышка шектүү катары укук коргоо органдары маркумдун энелеш бир тууганын колго түшүргөн.

Колго түшкөн маркумдун бир тууган инисинин көрсөтмөсүнө ылайык, 2009-жылдын ноябрь айларында ал бир тууганы менен спирт ичимдиктерин ичип отуруп, колу бутун байлап, суу жээгине алып барып, денени ыргытып жиберген. Учурда кылмышка шектүү адам соттун чечими менен тергөө маалында эки айлык мөөнөткө СИЗОго камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями