Окуучулардын кышкы каникулунун убактысы айтылды
Илим  |   |  398

2019-2020-жылдын базистик окуу планына ылайык, окуучулардын кышкы эс алуусу 30-декабрдан башталып, 11-январга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, окуу жүктөмү беш күндүк жалпы билим берүү уюмдарына сабактар дүйшөмбү, 13-январдан башталса, мектеп-гимназиялардын окуучулары 11-январь күнү окууга барышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями