"Океан жууп кеткен..." Композитор Андрей Иванов көз жумду
Дүйнө жүзүндө  |   |  1164

Белгилүү композитор Андрей Иванов 47 жашында каза болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Daily Mail басылмасынын маалыматында, алар Австралиядагы Сидней Бонди Бич пляжына эс алууга барышкан.

Сидней бийлиги "Катуу шамал менен алп толкундарды пайда болушу күтүлөт" деген эскертүү жарыялаган.

Бирок Андрей Иванов жана аялы кандайдыр бир себептери менен маалыматты эске албай алар суунун жанына жакын барган.

Натыйжада, аларды океан жууп кеткен.

Орус туристтер үчүн Сидней бийлиги бир нече тик учак менен бир массалык куткаруу ишин баштаган.

Тилекке каршы, Андрейди жээкте калыбына келтирүүгө аракет кылышып, аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Аялы гана куткаруучулар тарабынан аман калды.

Белгилей кетсек, обончу Андрей Иванов "Бригада" атту саундтрек киносу аркылуу белгилүү болгон.

Андрей Иванов

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями