Нарындык кыздар калың боюнча кымбат, бирок бары бир Бишкектин жигиттерин көргөндө көздөрү кычышып турат, бөтөнчө Кайыпов губернатор болгондон бери
Кыска-нуска  |   |  632

Качырат кызды шок кылып,

Капчыкка калың толтуруп.

Катыра анан сеп берип,

Калышат сызга отуруп.

 

Жумгалдык кыздар көңүлдүү,

Жар болуп барса өмүрлүү.

Үстүнө кошуп берет дейт,

Үч тонна кара көмүрдү.

 

Ат-Башы, Нарын кыштагы,

Аябай суук кыш дагы.

Ак аюу сымал үшүбөй,

Аязга көнгөн кыздары.

 

Жан бакканды билишет,

Жакага лапша илишет.

Жабышып шаардык жигитке,

Жалакай кыздар тийишет.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями