Надира Нарматова: “Кандай болуп кетет экен?”-деген таризде атайын Президентке саботаж жасашып жатат”
Саясат  |   |  2262

КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун акыркы кадамдары Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты Надира Нарматованы канаатандырды.

“Азамат Президент! Бар экенго! Мындан да каттуу талап коюш керек! Иштей албайбы, жыйынтык бербедиби, иштей турган кадрларга бошотуп беришсин! Эки жыл бою каалагандай тайраңдашты, ызаттары бүттү! Кимдин ким экендиги алты айда эле билинет. 3-4 жылдап өлүмүш кадрларды кармаштын кереги жок! Байдын уулу болсо да, тойдум сенден, “кет” деп, КЕТИРИШ КЕРЕК! Керек болсо “жооптуу, саясий кызматка экинчи жолотпош керек” деген берене менен кетириш керек. 2-3 жыл отурган кызматында жыйынтыгы болбосо, жоопкерчилигин кароо зарыл. Жасаган иштеринде жоопкерчилик болбогондуктан, каалагандай тайраңдап жүрүшөт. Келген кадрлар дагы деле шпагатта отурушат. “Кандай болуп кетет экен?”-деген таризде атайын Президентке саботаж жасашып жатат. “Мартта митинг болуп кетеби, эмне болуп кетет?”- деген арам ой ар бир жетекчинин оюнда турат. Коомчулук көрүп турат. Ошондуктан аракеттери, идеялары жок. Ак үй, көк үйдөн сын, сунуш, тапшырма болсо өрт өчүргүч болуп, ошонун артынан жүрүшөт. Өздөрүнүн жаңылыгы жок. Бир эле Президент айткан жетекчи эмес 80-90% жетекчилердин акыбалы ошондой. Коомчулук бекеринен чуру-чуу болуп жаткан жок. Мамлекетке өз салымын кошо албаган, идеясы жок, өз көмөчүнө күл тарткандардан кутулуш керек. Үйүндө бекер отуруп, шпагатта беймарал отурушсун! Команда болуп иштешпесе, президенттин тапшырмасын аткарбаса, эркелете турган убакыт бүттү!», -деп жазып чыкты  Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты Надира Нарматованы өзүнүн социалдык тармагына.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями