Мына сага! Коопсуздук комитети накталай 739 млн. АКШ доллары менен кылмышкерлерди кармады
Кылмыш жана кырсык  |   |  10148

Улуттук коопсуздук комитенин маалыматына таянып жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өтө чоң өлчөмдөгү салыкты жашыруу боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалгандыгын жазып чыкты. Алардын ишмердүүлүгү өлкөнүн экономикасына оор залакасын тийгизген. Жалпысынан комитеттин кызматкерлери 17 адамды кармап, 55 тинтүү ишин жүргүзгөн. 

Атайын операция Караганда, Нур-Султан жана Алматы шаарларында өткөн. Анын жыйынтыгында шектүүлөрдөн электрондук жабдыктар (ноутбук, флэшка ж. б), жасалма мөөр, компанияларды башкаруу эсебинин санариптик ачкычтары жана чет элдик купюрадагы накталай акчалар табылган.  Мыйзамсыз жол менен 300 миллиард теңге (739 миллион доллар) банктык эсептен накталандырган. “Бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулгандан кийин мамлекеттик казнага 3 миллиард теңге ашыкча салык которула баштады”, - делет Улуттук коопсуздук комитетинин (КНБ) маалыматында.

 Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями