Мурунку прокурордун короосунда аялдын жансыз денеси табылды
Дүйнө жүзүндө  |   |  3799

Түндүк Осетияда (кыскача аталышы Алания) мурунку прокурор Игорь Чельдиевдин шаар четиндеги участогунда жоголуп кеткен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Baza каналына таянып, чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 45 жаштагы Ирина Боженко 2020-жылдын январь айында дайынсыз жоголуп, анын эжеси полицияга кайрылган.

Кечээ, аталган өлкөнүн полиция кызматкерлери мурунку прокурор Игорь Чельдиновдун участогундагы жер түз эмес экенин байкашкан. Полиция кызматкерлеринин айтымында, жер дөңчө болуп, башкача көрүнүп турган. Бул тууралуу экс-прокурордон сураганда, ал өзүн башкача алып, тынчсызданып баштаган. Андан кийин ал жакта сөөк көмүлгөнүн айткан.

Айрым маалыматтар боюнча, Ирина Боженко Чельдиевдин жарандык никедеги аялы болчу.

Экс-прокурордун айтымында, аял башы менен кулап түшүп, кокусунан каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями