Мухаммедкалый Абылгазиев: "Криминалга эмес, милицияга кайрылгыла"
Кылмыш жана кырсык  |   |  217

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кеңешмеде жергиликтүү жана чет элдик ишкерлерди мыйзамды карманууга, маселе жаралса өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбей, милицияга кайрылууга чакырды.

"Иликтөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка кылмыштын майда-баратына чейин маалымат бергиле. Муну менен катар тийиштүү органдар ишкерлерге каршы жасалган кылмыштарды алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди жүргүзсүн", -деди өкмөт башчы.

Абылгазиев жарандар ишкерлик менен эркин алектенүүсү үчүн мамлекет аларды коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрөрүн кошумчалады. Эске салсак, ишкер Абдурахеман өткөн жумада жоголгон. Ал 4-октябрда саат 18:00дөр чамасында "Мадина" базарынан BMW X5 автоунаасы менен чыгып, белгисиз тарапка кеткен. Дээрлик эки аптадан соң анын сөөгү Кочкор районунда кан жолдон 150 метр ары жерге көмүлгөнүн милиция аныктаган. Адам өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалып, дагы 4 күбө сурак берген. Кармалгандардын экөө укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткен. Алардын бирөө адам өлтүрүүнү уюштурган деп шектелүүдө. Алдын ала берилген маалымат боюнча, маркум ишкердин "Мадина" базарында бизнеси болгон.  

Булак: NazarNews.kg 

Поделитесь с друзьями