Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат
Саясат | 

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган  иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат.  

Мындан тышкары Өкмөт башчы Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями