Мугалим окуучуну сабаган деп күнөлөнүүдө. Ага окуучунун көтөрүп жүргөн сүмкасы жаккан эмес
Кылмыш жана кырсык  |   |  522

Токтогул райондук соту мектеп директору тарабынан сабалган делген 10-класстын окуучусуна комплекстик психолого-психиатрияалык экспертиза дайындады.

Маалыматка караганда тергөө иштеринин жүрүшүндө мугалим 10-класстын окуучусун кабинетине чакырып, өз ыйгарым укугунан пайдаланып, окуучуну дубалга 7-8 жолу урган . Мындай кадамга себеп окуучунун көтөрүп жүргөн сумкасы мугалим  мектеп стандыртына туура келбейт деген жүйөө келтирген.

Мугалим окуучуга  комплекстик психолого-психиатрияалык экспертиза дайындоону талап кылып, жабырлануучу тарап экспертизага каршы болгонуна карабай сот директордун талабын канааттандырган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями