Милиция окуучуларды кышкы эс алууга тоо бооруна алып чыкты
Кылмыш жана кырсык  |   |  512

Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери мектептер аралык достукту бекемдөө үчүн Сары-Талaа айылынын коопсуз деп эсептелинген Чийит-Кол участкасына окуучуларды кышкы эс алууга алып чыгышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын негизги максаты район аймагындагы окуучулар арасында ынтымакты чыңдоо, топтошуп мушташуулардын, укук бузуулардын, балдарга карата ырайымсыз мамилелердин алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

РИИБдин кызматкерлери жаштарды кыш мезгилинде кооптуу аймактардан чана, лыжа тебүүгө болбостугун эскертишти. Мектеп окуучулары бул профилактикалык иш-чарадан көптөгөн пайдалуу кеңештерди алышкандыктарын белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями