Марат Алышпаев, КР эл артисти: "Үйлөнгөн кезде деле "ала жипти" аттагам..."
Маданият  |   |  2221

-- Марат ага, үйүңүздө ким кожоюн?

-- Өзүм эле кожоюн. Эки кызым студент, алардын контрагы, жол киреси, тамак-ашы деген бар, ошонун баары менин мойнумда. Жеңеңер бул жакка кийлигише албайт. Музыкасын жаздырат, кийим-кечесин тиктирет, клип тарттырат. Ага тийишпейм. “Өзүңдү өзүң бак, мобу эки кыз меники” деп койгом. Ошондой бөлүштүрүп алганбыз. 

-- Үйдө акчаны ким көп табат, сизби же жеңеби?

-- Бирдей эле тапсак керек. Пенсиям, театрда айлыгым бар. Ал күзүндө көп табат, той-пойлордо ырдап дегендей. Ал учурда менден ашып кетсе керек. 

-- Мал сойгонду, устукан тартканды билесизби?

-- Азыркыга чейин мал сойгонду билбейм. Кандан корком. Мал союп аткан жерге жолобойм. Устукан тартканды алтымышка таяганда элдин шарданы менен үйрөндүм. Ал жагы жайында.

-- Жакалашып мушташкансызбы?

-- “Чарт-чурт” дей түшөм. Бирок кек сактабай, ачуум тез тарап кетет. Театрда директор кезимде актёрлор менен “эмнеге иштебейсиңер? Эмнеге тиги жасалбайт, бул аткарылбайт?” деп кыйкырып урушуп, кайра беш мүнөттөн кийин чакырып алып жайма-жай сүйлөшсөм, “жөн эле кыйкыра берет турбайбы?” деп калышчу. Бир нерсе эсиме түшөт. Тынччылык Разаков деген курсташым бар эле. Москвада окуп жүргөнбүз. Экөөбүз бир жылы Арбаттагы “Анкара” деген кафеде отуруп калдык. Маңдайыбызда бир жигит кызы менен отурат. Аңгыча башка жактан бир эркек келип, кызды ой-боюна, жигитинин уруксат бербегенине карабай эле бийге тартып кетти. Экинчи жолу келгенде жалдыраган кыздын эркеги туруп бирдеме атайын дегиче, жанагы эркек кыздын жигитин жаактан ары бир чаап ийди. Мага эмне жок десең, ордуман тура калып жакалашып кеттим. Тартиби жок эркектин сазайын колго бердим. Элдин баары ызы-чуу боло түштү. Отурган элдин баары мени “туура кылдың” деп мактаган.

-- Дилбар жеңе менен кантип таанышып калгансыз?

-- Кыргызда бекеринен “жаштын тилегин берет” деп айтпайт экен. Бала кезимде “баланча ролду ойносом арманым жок эле” дечүмүн. Ошол келди, иш жүзүнө ашты. Бу жагынан чын эле арманым жок. Анан мурунку байбичем Райма абдан кызганчаак эле да. Ашыкча кадам таштатчу эмес. Мен да жөн адам эмесмин, жинди элем. Жаш кез. Ошто иштеп жүргөн маал. Райманын көзүнчө эле “50 жашка чыкканда катын алам” деп жинине тийе берчүмүн. Бул айтканым да орундалып, Дилбарды 50 жашка келгенде алып атпаймынбы! Анда Чүй театрында директор элем. Дилбар жеңеңер И.Арабаев атындагы окуу жайдын 4-курсунда болчу. Бизге ырдап келип калып таанышып, үч-төрт жылча жакшы мамиледе болуп жүрдүк.

-- Дилбар кызганбайбы?

-- Менден 21 жаш кичүү болсо да кызганбайт. Анткени, жакшы көрүп, артынан чуркап жүрүп жүрөгүн багынттым. Азыр эмнеси калды дейсиң! Шекшинген учурда да “ооба, сеники чын” деп кутулам. 

-- Достор менен кыз ала качканга катышкан жоксузбу?

-- Бир эле жолу катыштым. Илгери ала качкан деген бул – сүйлөшүп жүрүп эле үйүнө алпарып койчу. Бакир деген досумдун Кумай аттуу сүйлөшүп жүргөн кызы бар эле. Мектепти бүткөндө Кумай ЖОЖго өтүп, Бакир айылда калды. А мен КМУнун экономфагына өттүм. Досум ар качандан бир качан “Кумайга көз сала жүр, бирөө-жарым ала качып кетпесин” деп жөн эле ыгы жок чочулай бергенинен, бир күнү “Кумайыңдан куружалак калдың. Аны ала качып кетти” деп тамашалап койсом,  шаарга жетип келиптир. Ошол эле күнү ала качып кетти, колуна тапшырып бердим. 

-- Ичимдик жагынан кандайсыз?

-- Ичпейм, катынымды сабабайм дечүмүн. Атабыз көбүрөөк ичип коёт эле. Ошонун таасиринен болсо керек. Арактын даамын кийинчерээк таттым. Ага чейин вино иче коюп жүрдүк. Ал мындай болду: армияга кеч барып, 27 жашымда келдим. Үйдө түлөө кылып атышат. Атам экөөбүз айылда көзү өткөндөргө куран окутуп келатсак, Бакир жана Сартбай деген досторум экөө жолдон тосуп алып, атамдан “Маратты биз алып кетели” деп сурап алышты. Үчөөбүз Бейшекан деген классташ кыздын үйүнө бардык. Дасторкон жайып коюптур. Мына сага, анан кыжы-кужу, “энеңдурайын таз, 27 жашка чейин арак ичпейсиң, биз ичип эле жүрөбүз, өлүп калган жокпуз, эл катарынан чыккан жокпуз” деп кыйнап, ой-да ичирип, үйгө кандай келгенимди билбейм. Эс-учумду жоготуптурмун. “Тут помню, тут ни помню” деген акыбал. Көрүнгөндү: кыз-келини, эркеги, эч кимисин калтырбай жалай берипмин. Эртеси туруп алып уялып, өйдө карай албайм десең. Акыл-эс жоголгуча ичиптирмин да. Эми ушу кезге чейин ууртап-татып жүрөм. Бирок, андай нерсе кайталанган жок.

-- Мас болгондо бирөө ыйлайт, бирөө ырдайт экен. Сиз кантесиз?

-- Ыйлабайм, ырдабайм. Ак көңүл болуп калам. Ачылып, чачылып кетем. Ким мага жолукса эле жакшы сөздөрдү айта берем.

-- Театрда “үйүргө кошот” деген “салт” бар экен, сиз да ошондойго капташкансызбы?

-- Бул театрда Чоро Думанаев, Муканбет Токтобаев менен сүйлөшүп калчумун. Ошондой “салт” бар экен. А биз Ош драма театрында баарыбыз курсташтар бардык. Бизде андай нерсе болбоду. 

-- Анда суроону мындай берейин, “ала жипти” аттагансызбы?

-- Жаш кезде болду... Кимдер гана аттаган эмес.

-- Үйлөнө элек кездеби?

-- Жок, үйлөнгөн эле кезде “аттадык”, илгери-илгери болчу, унутуп деле калдым ал жоруктарды.

-- Стресске түшөсүзбү?

-- Мен андайды билбейм. Суке, билесизби, стресске кандай адам кабылат? Түнт, ичиндеги уйгу-туйгусун сыртка чыгара албаган адамдар кабылат. Арты жаман. Кээ бир адамдар ошонун айынан инсульт илдетине да кабылат. А меники тырмактын учундай нерсени ичиме ката албайм. Баарын “тарс-турс” эле айтып салам. 

-- Сулуу кыздарга суктанасызбы?

-- Сулуу кыздарга суктанбасаң эркек эмессиң! Окуп жүргөндө сулуулардын параметри кандай болот, бутунун учунан тизеге чейин канча сантиметр, тизеден буга (жамбаштын кыры) чейин, бели кандай болуш керек, көкүрөгү, мойну ж.б. Тал чыбыктай ыргалып, эркекти кандайдыр бир касиети менен арбап турганды “сулуу кыз” деп айтам. Андайлар аз. Таттыбүбүнү айтсак болот. Бизде сулуу кыздар жок эмес, “холодная красота” деген түшүнүк бар. Сулуу, бирок жугуму жок, өзүнө жолотпой турат. Кээ бир кыздардын өңү анча эмес, бирок өзүнө магниттей тартып турат. Сырткы келбети менен жандүйнөсү төп келгендер абдан саналуу. Андайларды кыя өткөрбөйм. 

-- Тамеки чеккенсизби?

-- Өмүрү чеккен жокмун. Мындай болду, атам, апам тамеки чекчү. Апамдын мурду канай берип, бирөөлөр “тамеки чеккенде мурундун каны токтойт” деп кеңеш берсе керек. Ошондон улам чекчү. Атам махорка жасачу, жадагалса огородго өстүрчү. Менден 6-7 жаш улуу Саламат деген авам бар. Ал дайыма келип, “Марат, атаңдын тамекисинен апкелчи” дейт. Мен атамдын махоркасынан бир же эки кочуш алпарам. Анан балдарды чогултуп алып, “мен силерге тамеки чеккенди үйрөтөм” дейт. Бир кылка 4-5-класста окуган балдарга көрсөтө баштайт. Аттын тезегинен гезитке оройт. Тамызаарда эшекти туурап “ии-а, ии-а дегиле” дейт. Биз 5-6 жолу кайталайбыз. Саламат авам гезитке оролгон аттын тезегин күйгүзүп туруп, “бирден-бирден соргула да, үнүңөрдү чыгарбай, жанагындай ии-а, ии-а кылгыла” дейт. Мен ошондо биринчи чегип алып, ичим аңтарылып жерге түшүп калгыча кусуп, башым айланып, аз жерден өлүп эле калайын дегем. Ошондон кийин тамеки деген “кайдан көрдүң кара эшек, жолдон көрдүм жоор эшек” дегендей, “сен көр, мен көр” жок болду. Азыр Саламат авама ырахматымды айтам.

-- “Ашты катыра басат” деп угуп калган жайым бар. Дагы кандай тамактарды жасайсыз?

-- Үйдүн улуусумун. Биз бала чакта үйдөгүлөр апийимге кетишет. Менден кичүүлөрдүн баары колумда калар эле. Үйдү жыйнап, бөбөктөрүмө ар кандай тамактарды жасайм. Вермишель, картошка куурам, кесме тамак жасайм. Студент кезде ошолордун баарын мыкты деңгээлге жеткирдим. Кийин ородолуу Ош шаарына келгенде мыкты салттары бар экен. Бешөөбүз чогулуп алып бир жумада бир жолу аш жейт элек. Жарым килодон ашыгыраак эт, сабиз, күрүч, куйрук алып аш басабыз. Куйрукту сызгырабыз, сызыгы мыкты закүскө, жүз грамм ичип чардачубуз. А жайында дымдама, ичкен күндүн эртеси маставадан өткөн тамак жок. Мына, ушул тамактын баарын ошол жактан үйрөнүп келдим. Азыр болсо үйдөгүлөр көнүп алышкан, “ата, качан плов басасыз?”, “Бүгүн сиздин колдон дымдама жейличи”, же “маставаңыз жакшы эле, ошону жасаңызчы?” деп турушат. Маанай жакшы кезде баарын жасайм. Жадагалса лагманын да катырам. Атайын “Мадинага” барып “гюру-лагманды” үйрөнгөм. А маанай жокто “пенсионерге тийишпегиле, өзүңөр жасагыла!” деп катуу айтып коём.               

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: "АЗИЯnews"

Поделитесь с друзьями