Манат Эшимбеков: “Дүйнө жүзүн багынткан жигиттеримдин эч кандай наамдары жок"
Спорт  |   |  346

КР эл артисти Манат Эшимбеков мырза менен көпкө сүйлөштүк. Көөдөнү көйгөйгө толуп кетиптир. Баарын угуп, баарын гезит бетине түшүрүү мүмкүн эмес экен. Эгемендик алган жылдан тарта өзү жетектеген “Кыргыз жигиттери” атчандар труппасы көптөгөн эл аралык сыйлыктарды багынтып, чет элде урмат-сыйга татып, өз элинде батпай, учурда жумушсуз жүргөнү бизди ойго батырды.  

-- Манат мырза, КР эл артисти эмне үчүн ушу кезде бош жүрөт? Цирктин жетекчилери сизди жумушка албаган себеби эмнеде, кандай сыр бар?

-- Цирктин мурунку жетекчиси Курмангазы Исанаев мени жумушка албай жүрдү. Эмнеге дегенде, ар дайым ал кишиге каршы болчумун. “Кыргыз цирки өлдү. Эч кандай алдыга жылыш байкалбайт. Цирк жөнүндө түшүнүгү жок!” деп ишмердүүлүгүн сындаганым үчүн жадагалса цирктин имаратына киргизчү эмес. Бул иштер боюнча ушу кезге чейинки маданият министрлери ар дайым кабардар эле. Кыргыз өкмөтүнө, президентке кат менен нечен ирет кайрылгам, Акаевге, Бакиевге, Атамбаевге. Жогорку бийлик тарабынан эч кимиси көңүл бөлүп койбоду. Циркти тереңден билген жан жок. Цирк – бир башкача өңүттөгү искусство. Театрга, киного окшош эмес. Ошол эле эгемендик алган алгачкы жылдарда Таштан Жолдошбеков “циркти менчикке чыгарам” деп ага ошол кездеги премьер-министр Николай Танаев жардам бергенин элдин баары билет. Чыгыш капталындагы жайгашкан циркке тийешелүү спортзал “көгүштөрдүн” (бачабаз же кумса) клубу болуп жүрдү. Бул эмне деген шумдук?! Эки эле жыл болду “көгүштөрдүн” клубу болбой калганына. Анткен менен спорт залды ушу кезге чейин алалбай жүрөбүз. Цирктин ичи “ит” болуп атат, 1941-жылкы согуш бу жакта калсын. Ошонун баарын көрүп туруп, маданият министри, премьер-министр эч нерсе кылгылары келбейт. Андан көрө кыргыз циркин жаап эле коюшса болмок, андагы иштеп аткан артисттерди мазактап, кордоп, шылдыңдап отурбай... 

-- Ушул жагдайды сиз ачык айткан үчүн эле жумушка албай атыштыбы же башка да себептери барбы?

-- Ичинен быкый-чыкыйына чейин билип, жаным ачыганынан айтып, “өлүп атат” дегенимди эч кимиси укпайт. “Баягы, баягынын таягы” дегенден алыс кете албай атышат. Ушуну билип туруп, кайсы министр болсо да айтпайбы, “ай акмактар, мына мындай кишини жумушка алып койбойсуңарбы?!” десе болот беле? Мен эмне Кыргызстанга жаман кылдымбы? Менин жетекчилигим алдындагы “Кыргыз жигиттери” жер жүзүндөгү эң мыкты эл аралык фестивалдарды багынтышты. Эң артында цирктин “оскарын” алып келдик. Мындайды ким алып келди, мага көрсөткүлөчү?! Мурунку жетекчи Курмангазы Исанаев өзүнүн буйругу менен мени 6 жыл циркке жолотпой, киргизген эмес. Азыр эми кирип калдым...

-- Анан айтсаңыз, “Кыргыз жигиттери” аттуу труппаны жетектеп, эл аралык цирк фестивалдарынын бир далайын багындырыпсыздар. Океандын ары жагындагы Америкага, андагы айтылуу Нью-Йорк шаарындагы Мэдисон сквер-гарденде өнөрүңөрдү кантип көргөзүп калгансыздар?

-- Негизи, кылган иштеримди көкүрөк кагып мактанбайм. Ошентсе да айтууга мажбурлап атасыз. Сиз билесизби, кайсы артисти, кимди атайын самолет жиберип Америкага алдырганын? Буга чейин мындайды укпасаңыз керек. 1995-жылы 4 жылга келишим түзүлдү, 1996-жылы баштап, 1999-жылы бүттүк. 1995-жылы атайын Америкадан самолет келип, аттарыбыз менен кошо бир далай жигиттерди алып кетишти. Ошол балдардын баарын өзүм үйрөттүм, өзүм каражат таап, канча баланын үй-бүлөсүн сактап калдым. Ар бир бала ата-энесин багып,  буттарына турушту. Үй, машине сатып алышты, курсактары ток, бул – биринчиден. Экинчиден, кыргыздын желегин спортчулар олимпиада оюндарында 4 жылда бир көтөрөт. А биз күнүгө көтөрүп, желбиретип аттык. Керек болсо бир күндө эки жолу эл алдына чыккан учурлар болду. Бери дегенде бир жарым миңден кем эмес адам. Төрт жыл бою эч бир тынымы жок, ар бир цирк аренасына чыккан сайын желегибизди көргөн элдер, анын ичинде чет мамлекеттен келген туристтер “кыргыздар!” деп кол чаап турушту. Ал эми андан мурдагы, кийинки жылдарда Европа өлкөлөрүндө байма-бай өткөн фестивалдарга чыкканыбызда бизди “кыргыздар, азаматсыңар!” дешчү. Мындайча айтканда, Чыңгыз Айтматовдон кийинки эле биз болуп атпайбызбы...

-- Сөзүңүзгө аралжы, “Чыңгыз Айтматов” деп кеттиңиз. Улуу жазуучубуз менен жүз көрүшкөн күндөр болгонбу?

-- Андай учур болгон. Бир жолу сүйлөшүп калдык. “Балам, мен бир китебимди жазыш үчүн 3-5 жыл керек. Кээ бирин он жылдап жазам. Силер 5-10 мүнөттүн ичинде көз жоосун алган тирукмуш, ар биринин эле колунан келе берчү эмес  нерсени көрсөтүп коёт экенсиңер” деп суктанган эле. 

-- Дагы бир нерсе, цирктеги аттарыңызга адамдан жогору мамиле кылганыңызды угуп калган жайыбыз бар. Чын эле ошондойбу?

-- Сиздерге жалган, мага чын. Кыргызда “ат – адамдын канаты” деп бекеринен айтылган эмес да. Кол алдымдагы аттарымды сылап-сыйпап, алар менен адамдай сүйлөшүп, эркелетип, тамак-аштын эң тазасын, жадагалса ичип аткан суусунан өйдө тыкыр көзөмөлгө алат элем. Эми караңыз, көз алдымда эки атымдан айрылып калдым. Анан ошолорду Совет көчөсү менен ылдый түшкөн мусулмандардын көрүстөнүнө алып барып, мусулманча тажиясы менен көмүп, кадимкидей куран окуткам. Ошолорду эстеген сайын көзүмө жаш келет. Бир атымды эркелетип “Добрый” дечүмүн, паспорту боюнча “Пир”, экинчиси “Экран” болчу. Экөө тең асыл тукумдан чыккан аттар эле. Россиядан алынган Орловский рысак жана Тракен асыл тукумунан. 

-- Булардан тукум алса болот беле?

-- Цирктин шартында айгырды же бычылган атты алыш керек. А бээсин кармаганга болбойт. Убактысы келген учурда бир орунда тура албай калышат. Тиштейт, өздөрүн жоготуп коюшат. Эркегин издеп кетип калышат. Бир жолу Польшадан поезд менен кетип баратканбыз. Жаз мезгили эле. Баягы “жиндилиги” кармай турган учур болсо керек. Сырттагы жылкы жаныбарын көрүп калып жулунуп, секирип, байланып турган акырын талкалап, араң дегенеде жоошутканбыз. Мындай учурлар көп болгон. 

-- Азыркы цирктин директору Фархад Бекманбетовго кирдиңизби, жумуш сурадыңызбы?

-- Менин абалымды маданият министри Азамат Жаманкулов, цирктин директору да билет. Министр мени цирктин директору кылмак. А мен баш тарттым. Эмнеге дегенде, коллективдин баары Аида Акматованы директорлукка көрсөтүшкөн. Сакалдуу башым каршы чыкмак белем? Фархад болсо көркөм жетекчиликке сунуштады. Андан да баш тарттым. Ордумду Аида Акматовага бердим. Келечек муунду өстүрүш керек да. Машыктыруучу же режиссер болсом жарашат. Жаш курагым уруксат берет. Мүмкүнчүлүгүм да бар. 

-- Буга чейин деле жумуш беришсе болмок да?

-- Кана эми? Бир нерсени айтып берейин. Жакында эле Болот Шамшиевди жерге бердик. Өмүрүнүн акыркы жылдары эч кимге кереги жок адам болуп калганы мени аябай өкүндүрдү. Ал киши да мага окшоп куугунтукта жүрдү. Жумуш берип, күчүн алып калышпады. Анан тажиясында айтпаган мактоо сөздөрдүн баарын айтып атышты. Эмнеге тирүү кезинде ошол нерселерди айтып, дешпейт? Дагы бирөөсүн айтайын, жалгыз кыргыз, жалгыз олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев жөнүндө. Эми бу киши да “артты карап” кетиш керек (Каныбек агама узун өмүр каалайм!). Ошондо биз бу кишиге эстелик тургузабыз. Эмне үчүн тирүү кезинде эстелик тургузуп, Эл Баатыры наамын берип, жакшы сөзүбүздү айтпайбыз? Каныбек агабызды элдин баары билет. Тааныбаган адам жок. Эмнеге спорт сарайынын алдына штангасы менен же төшү толо медалдары менен эстелик коюлбайт? Мени кечирип кой, кыргыздар ичи тар, көралбастыгыбыз шумдук өнүккөн калк экенбиз. Дагы караңыз, жанагы мени менен дүйнө жүзүн кыдырып, нечендеген бийиктиктерди багынтып, кыргыздын желегин желбиретип жүргөн балдарыма мамлекеттик наамдарды берип койсо болот беле? Эч кимисинде наам жок, ар ким ар кай жерде иштеп жүрөт. Кайсы артист Европадагы эң мыкты делген “оскар” байгелерди жеңип келди?

-- Азыр сиз менен иштешип жүргөн жигиттериңизден Кыргызстанда барбы же баары чет мамлекетте калганбы?

-- Ооба, басымдуусу чет мамлекетте. Америкада бир шакиртим жигитовка менен жүрөт. Испанияда, Болгарияда, Финляндияда калды. Дагы бир шакиртим бир труппаны Кытайга иштетип келди. Азыр эки жигитовка Бишкекте. Алардын таржымалын айтып отурсаң сөз түгөнбөйт. Гезит бетине батпай кетет. Бизде адискөй адамды адистиги жакка иштетпейт, жетекчиликке койбойт. Сен жылкычы болсоң тигүү цехине, доктурду алпарып киностудиянын чоңу, базаркомду цирктин директору кылат. Ошон үчүн өнүкпөй атабыз, маселе көп... 

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ   

"Азия Ньюс" гезити

Поделитесь с друзьями