Майып жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тарткан айдоочу кандай жаза алды?
Коом  |   |  328

Көзү көрбөгөн жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тарткан такси кызматынын айдоочусу эми заказ ала албайт. Бул тууралуу “Яндек Такси” компаниясы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочуга сервиске кирүү мүмкүнчүлүгүнөн четтетилди. 

“Биздин өзүбүздүн айдоочуларыбыз жок. Биз башка такси кызматтары, өнөктөштөр менен иштешебиз. Айдоочунун мындай жүрүм-туруму кабыл алынгыс. Ага сервиске кирүүгө тыюу салынды, эми ал “Яндекс Такси” кызматынын заказдарын ала албайт”,- деп аталган фирмадан билдиришти. 

Эске салсак, “Яндекс Такси” компаниясынын айдоочусу көзү көрбөгөн жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тарткан. Ал заказга келип, жүргүнчүлөр көзү көрбөрүн билгенде унаанын ичинен кууп чыккан. Айдоочу алар таягы менен машинасын чийип салат деп айтып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями