Кытайдан жыл сайын 2 миңдей жүк ташуучу унаа кирип турат
Экономика  |   |  640

Кытайдан жыл сайын 2 миңдей жүк ташуучу унаа кирип, 1 миллиард 900 миллион доллар импорттолгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Кытай тарап менен товар жүгүртүү боюнча айырмачылык 3 миллиард доллар өлчөмүндө.

«Кытайдан 1 миллиард 900 миллион доллар импорттолгон. Кытайдын маалыматы боюнча 5 миллиард доллар көлөмүндө. Айырмачылык чоң. Бул эки тараптын эки башка көрсөткүчтөрүнө байланыштуу. Биз товарлардын наркын көрсөтсөк, алар салмагын баалайт», — дейт ал.

Муну менен катар Алтынбек Торутаев, Кытай Кыргызстан аркылуу Тажикстанга ташылган товарды дагы өзүнчө белгилебестигин  билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями